Саламат "Табышмак кыз"
Жанр:Рок-музыка
00:03:54
22,71 Мб
Жүктөлгөн: 12-09-2011


Агарып чыгыш таң атты,
Көркүнө кирип айлана.
Агылып сүйүү жарыгы,
Булуттар жылат алдыга.
Тосом деп күндү шашкансыйт,
Издетпей мени табарын.
Муздак жел согуп тоо жактан,
Шыбырап айтып жаткансыйт,
Издетпей мени табарын.

Кайырма:

Сырымды ачык айталбай,
Тартынам жакын баралбай.
Табышмактуу бир кызга,
Болдум мен ашык жалындай.
Жаңырган айдай элесиң,
Жакындап дайым келесиң.
Кармайм деп колум сунганда,
Жок болуп кайра кетесиң.

Мезгилдер учат алмашып,
Баратат өтүп убакыт.
Сүйүүмдү ачык айталбай,
Жүрөгүм сыздайт кыйналып.
Алоолоп сезим жаркырайт,
Күзгүгө түшкөн шооладай.
Кыйналам таппай айламды,
Жеңе албай баскан санаамды,
Билбейсиң менин алымды.

Кайырма:

Сезимим менин таптаза,
Кири жок тунук булактай.
Жүрөктө жүрөт сакталып,
Кылымдар сени унутпай.
Дүйнөдө сүйүү бар үчүн,
Жашоонун болот мааниси.
Керемет жок андан ашкан,
Ал адамдын чоң бактысы.
Чыныгы сүйүү бир келет,
Ал назик жана морт болот.
Аярлап сактап калбасаң,
Бат эле сынып жок болот.

Кайырма:
  • Currently 4.63/5
(68 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (138)

17.09.2011. 13:36
 dioro
стили ,клиби ырынын создору жакшы эн мыкты ,бирок уну отстой жок го фуу
17.09.2011. 21:57
 baarinbilem
mmm jakshi
araket bar
iygilik
17.09.2011. 22:06
 kumtel
оооуууу жакшы.
Башка жерден уксам биздики эмес, казактар же орустар демекмин фирменный клип и песня молодцы. успехов
17.09.2011. 22:07
 kumtel
аайй кыргыздар негизи эч кимди коро албайбыз да.
жаш жигитти колдогондун ордуна баарынар аны басмырлапсынар. андай болбойт да. Саламат иште работай
17.09.2011. 22:22
 egizder
jakshi klip!
jakshi ir!
v obshem jakshi!
+5!
18.09.2011. 13:43
 bakirbek
Абдан сонун болуптур! Кыргызча рок кулакка жагымдуу угулат экен! Мындай стиль менен чыгуу был жанылык! Ийгиликтер! Молодес Саламат
18.09.2011. 14:55
 aitmirza
Чындыгында Саламат рекламасы аябай кучтуу болду! Ким деп ойлоп журдум эле! Бугун биринчи жолу кордум! Кылган рекламасын актады! Мага жакты! Опппп баракелде жигит! Кыргызча ырдаганы мыкты экен! Башкаларга окшоп кыншылдабай
18.09.2011. 15:10
 rinat63
Жылдын мыкты дебюту десем эч жанылбайм! Бул баланын продюсери ким?
18.09.2011. 15:40
 kairgul
+5 кыз аябай сулуу экен! менин карындашыма окшош экен аябай
18.09.2011. 16:29
 islambayishov
super
18.09.2011. 16:55
 bakytbek07
5++++++++++++++++азаматсын
20.09.2011. 14:51
 Jeki
Эмне эле ашыкча озгочо эле озгочо, озгочо, алга,, алга, алга дей бергенсинер я? Ушу жасалма пиярды койсонор боло. Билебиз бул жигиттин продюсери айбек Акматов экенин.Албетте продюсер колдон келишниче рекламалап ла жака бул жака суротун илуудо..же сайттарга жазууда дегендей..Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун дегендей, ырдай алабса деле чачын кичине которуп башкча стиль клыып чыга калса эле укмуш, укмуш ырчы ой ииий боло береби..Мунунар эч жакка жарабайт! Алыс барбайт!
20.09.2011. 14:51
 Jeki
кулагын аю тебелеп кеткен бироо эле укпаса..ушу ырбы я..андан коро асанкалый керимбаевдин сулууга деген ырын ук да эс ал!
20.09.2011 20:02
Ashan
Jeki, кулдум да, эс ала туштум !
20.09.2011. 15:02
 Strateg
Кайсы "гений" композитор же обончунун ыры болду экен? Үн бар экен,стиль бар экен, ошого жараша жакшы ыр таппайт беле анан орустун 6 сорттогу ар кайсы ырынан жамактап кыргызчалап албай.
20.09.2011. 15:32
 provokacia
абдан сонун ыр экен, европа багытындагы музыка экен. ичи куйгондорго конул бурбаш керек. иштей бер Саламат. Эми эмне дейсин, Бизде ичи тарлар коп да.
20.09.2011. 15:45
 kanai
moi pozdravlenia. klassnaya pesn9 4uvstvuets9 duh russkogo roka. hotelos by posluwat kak etot parenek na russkom poet. respekt.
20.09.2011. 15:55
 Jiza
Кыргыздардын жан дуйносу минтип ырдабайт. Ошондуктан бул жигит эл суйгон ырчыга айланаарына кумонмун. Цойду туураптыр.Демек озунун озгочо таланты жок. Ичинер куйот деп жаза салат экен достору. Ушуга окшогонго ичибиз куйуп эмне кыргызда такыр табити жок адамдар жашайт бекен??? Кудайга шугур мындан жакшы ырдаган ырчылардан уучубуз кур эмес.
20.09.2011. 15:59
 provokacia
ошондой деп ойлойлу, бизге мерген турган, же ким эле кызыл орукту ырдаган ошол сыяктуу ырлар гана жагат да. жата берели
20.09.2011. 16:10
 Azados
Бул рок деп ким айтты? Антип рок-музыкага шек келтирбегиле. Обону ноль болсо эле рок дей бересинерби? Цойду айтпагыла вообще, уят ага салыштырган.
20.09.2011. 16:32
 roba
ameeeei da. el jurt emki yryn kutolu4u. bir yryn ugup alyp kyrylywpai. balkim bawka yry jok bolup o4ot da kalat. balkim emki yry janyryp 4ygat. jon jok ele prognoz bere berbei TUUgandar
20.09.2011. 16:33
 roba
baary bir Kyrgyz bala eken. oz bala tura koldop koelu da.
20.09.2011. 22:30
 success
down down dooooooown !!! Lol..... jarawpayt eken !!!
21.09.2011. 10:13
 andormeda
Байкашымча бул жакта жазган Murat26, boronchu, adil34, osobiy ж.б. ушуларга окшогон толгон токой колдонуучулар тиги Андаштын небереси Эрландын "Сагындырба" деген клибинде жанын карч уруп, Эрланды чуть ли Намбэ уан кылып ийишиптир...Жанылышпасам экоонун продюсери бир болсо керек ээ, ошол немеси эле 99 ник менен кирип алып мактап атат окшойт муну...
21.09.2011. 10:14
 andormeda
Озубузду озубуз мактабасак бизди ким мактамак эле деген система го кыскасы...)))
21.09.2011. 17:03
 sayankg91
менде токтоп корсотпой жатат кээде корсотуп калат бул эмнеден? сайтан бы же? билгендер жазып койгулачы сураныч!
21.09.2011. 17:15
 Murat26
andormeda - сен мен тууралуу катуу адаштын, калп айтыптырсын. ойлонуп жазып журчу.Модератор MiranA түзөттү 21.09.2011 17:29
21.09.2011 17:29
andormeda
Murat26, хыхыыы сорри, сизди жаңылыштык менен жазып алыпмын...)))
21.09.2011. 18:18
 Murat26
andormeda - сиз Саламат тууралуу эмес, продюсерине тиишиптирсиз, ал киши менен эмне чечилбеген проблемаларынар барбы. Мисалы мага Саламаттын ырдаганы жакты. Менден беш бетер иним эртеден кечке угат,сиз тим эле баарына жамандаганынызды туура коро албадым,улам улам жазып.
22.09.2011. 02:49
 gulzatlovi
айбанча отдуши братка так держать!!!!!!!!!!!))) тока титиребей ырдасан укмуш которулосун болушкерек))))))))))
22.09.2011. 16:45
 blackred
отстой песня, голоса совсем нет. как можно хвалить его? пусть лучше другим займется,может в другом деле у него получится.

22.09.2011. 16:46
 limonalik
Саламат сен елдердин айткандарына конул бурба. Мен рокко жокмун бирок клип нормальна болуптур молодыц ИЙГИЛИК САГА
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: