Саламат "Табышмак кыз"
Жанр:Рок-музыка
00:03:54
22,71 Мб
Жүктөлгөн: 12-09-2011


Агарып чыгыш таң атты,
Көркүнө кирип айлана.
Агылып сүйүү жарыгы,
Булуттар жылат алдыга.
Тосом деп күндү шашкансыйт,
Издетпей мени табарын.
Муздак жел согуп тоо жактан,
Шыбырап айтып жаткансыйт,
Издетпей мени табарын.

Кайырма:

Сырымды ачык айталбай,
Тартынам жакын баралбай.
Табышмактуу бир кызга,
Болдум мен ашык жалындай.
Жаңырган айдай элесиң,
Жакындап дайым келесиң.
Кармайм деп колум сунганда,
Жок болуп кайра кетесиң.

Мезгилдер учат алмашып,
Баратат өтүп убакыт.
Сүйүүмдү ачык айталбай,
Жүрөгүм сыздайт кыйналып.
Алоолоп сезим жаркырайт,
Күзгүгө түшкөн шооладай.
Кыйналам таппай айламды,
Жеңе албай баскан санаамды,
Билбейсиң менин алымды.

Кайырма:

Сезимим менин таптаза,
Кири жок тунук булактай.
Жүрөктө жүрөт сакталып,
Кылымдар сени унутпай.
Дүйнөдө сүйүү бар үчүн,
Жашоонун болот мааниси.
Керемет жок андан ашкан,
Ал адамдын чоң бактысы.
Чыныгы сүйүү бир келет,
Ал назик жана морт болот.
Аярлап сактап калбасаң,
Бат эле сынып жок болот.

Кайырма:
  • Currently 4.63/5
(68 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (138)

13.09.2011. 17:00
 Murat26
Абдан жакты! Онорун орчуй берсин Критиктер озунор бирдеме кылып коргулочу! Талантын абдан бааладым! Сенден жакшы ырларды кутобуз! Кыргызча Рокту биринчиден уктум!!! Цойго окшоштурган жокмун! Эмки ырынды кутолу Рокер!
13.09.2011. 17:04
 rustik
жакпады.ушул да ырбы?
13.09.2011. 17:14
 tekila
Слов нет. в буквальном смысле.
Лично мне такая "музыка" не по душе.. Я впервые слышу подобное на кыргызском языке. Удачи!
13.09.2011. 17:23
 1-romantik
Красавчик! видно новичок, но действительно песня цепляет. Саламат удачи, сделай песню на русском, я люблю романтику. ждем новых песен От души братец.
13.09.2011. 18:10
 misha
булар чогулуп кайсыл айылга баратышат! Саламттын бурулуп караганы сонун чыгыптыр
13.09.2011 18:15
ORIONSTAR
misha, бурулуп караганы го сонун, бирок бир дублдун көзүн карабай, кайра тартышса болмок. Ары жакта таксини аралаштырбай эле. Колхозбайский вариант боолуп калат экен, фонду бузупчу...
13.09.2011. 21:49
 Anarhist
Отстой. Уберите отсюда, пожалейте наши уши...
13.09.2011. 22:52
 osobiy
Мага жакты. Эч кимге окшош эмес. Жанылык экен. азаматсын. ийгилик. Бул ырчынын пиары укмуш болду эле, клиби да ошондой экен. ийгилик.
13.09.2011. 22:53
 osobiy
Азыр го жакшы башталды. Эми жакшы ташташ керек. Баштап очуп калбай. Эн башкысы дагы коп иште, элге жакын ырларды ырда.
13.09.2011. 23:17
 Ulanpo
Бул ырчы жигит "Город 312" ни, ошондой эле СВЕТЛАНА НАЗАРЕНКОНУ туурап койгону менен айырмаланбайт го.
15.09.2011. 10:55
 boronchu
Мага бул клип аябай жакты!!! Сонун болуптур! деги эле продюсери кыйын киши окшойт!!! Азаматсынар
15.09.2011. 11:30
 1-romantik
Super!
15.09.2011. 12:11
 Kirkorov
Супер хитке татыктуу клиптердин бироосу болчудай сезилет! анда эмесе жаны ЖЫЛДЫЗга ийгиликтерди каалайбыз! Оркундоп осоо бер )))) АЛГА АЛГА АЛГА
15.09.2011. 12:26
 werim333
мактоого жарашкан ыр экен! Мага да аябай жакты! Жаны ырларын кутпбуз! Бир жолу укканда жаккан эмес! Экинчи жолу тыншап укканда кайра аябай жакты мага! Супер десем болот!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
15.09.2011. 12:46
 bekbolsun19
Чындыгында эле жаны стиль! Рокту кыргызча ырдаптыр! Продюсери ким болду экен!? Ким болсо да азамат!
15.09.2011. 13:06
 admin_media
argen54, Баш тамгаларды азыраак колдонуп жазыңыз! Сайттын эрежесине жооп бербегени үчүн билдирүүңүз жашырылды!
15.09.2011. 16:10
 dina
Бир коруп койсо болот, сапаты кээ бирлердикинен жогорурак болуптур.
15.09.2011. 17:04
 Бродяга
мага жакты!
15.09.2011. 18:31
 agwamarin
линкин парк го бияк.....
15.09.2011. 23:38
 Lyuza
Жакпады(((
16.09.2011. 07:12
 OMG
SUPER naborot ushundai gruppalar koboio bersin, arta kalbai astyda ele ekenbiz...MOLODSY!!! Udachi
16.09.2011. 10:17
 akiykat
жакшы. ийгилик. клип супер!
16.09.2011. 13:17
 nurbala
Бизге жакты, а жактырбагандар очкулочу! силер ушундай клип тарта аласынарбы? коро албай эле...ичинер куйуп жатса туз жалап артынан муздак суу ичкиле
16.09.2011. 18:54
 emil
Голос жок отвечаю.Бул запись кылгандагы голосу ушундай болсо а живой ырдаса кулагынар кычышып кетет уккусу келбей
16.09.2011. 19:20
 Murat26
menim4e Salamattyn yrdagany bir ozgo4oluu. unu jakwyken. an4a myn4a 4yiyldaktarga karaganda.
16.09.2011. 22:07
 joodar-baatyr
jakshy
17.09.2011. 01:03
 zulayka
оооуууу бул кантет? мага лично жакты. Аягына чейин бир дем менен кордум.
17.09.2011. 01:04
 zulayka
Ыр болот эми, а клип супер экен. рекламасы укмуш болуп атат. молодец
17.09.2011. 11:46
 NarinBoy
Назаренкону гана эмес Цойдон дагы алса керек нормально мага жакты жаны стиль а то биздин ырчылардыкы баары бири бирине окшош биринчи нотасын эле укканда биздин эстрада экенин билесин тажаган жоксунарбы
17.09.2011. 12:25
 bruno
О брат! Красава Салик! Критики долбанные, я его со школы знаю вместе футбол гоняли, очень талантливый парень сам стихи музыку еще тогда сочинял. пишет! Но у него другая рок группа была, видимо это новая уже группа! Саламат, я поддерживаю тебя... Это Тима, с Энергетиков! Удачи!
17.09.2011. 13:21
 roba
жакшыны, жакшы деш керек, абдан жакты. чыгармачылыгына ийгилик!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: