Саламат "Табышмак кыз"
Жанр:Рок-музыка
00:03:54
22,71 Мб
Жүктөлгөн: 12-09-2011


Агарып чыгыш таң атты,
Көркүнө кирип айлана.
Агылып сүйүү жарыгы,
Булуттар жылат алдыга.
Тосом деп күндү шашкансыйт,
Издетпей мени табарын.
Муздак жел согуп тоо жактан,
Шыбырап айтып жаткансыйт,
Издетпей мени табарын.

Кайырма:

Сырымды ачык айталбай,
Тартынам жакын баралбай.
Табышмактуу бир кызга,
Болдум мен ашык жалындай.
Жаңырган айдай элесиң,
Жакындап дайым келесиң.
Кармайм деп колум сунганда,
Жок болуп кайра кетесиң.

Мезгилдер учат алмашып,
Баратат өтүп убакыт.
Сүйүүмдү ачык айталбай,
Жүрөгүм сыздайт кыйналып.
Алоолоп сезим жаркырайт,
Күзгүгө түшкөн шооладай.
Кыйналам таппай айламды,
Жеңе албай баскан санаамды,
Билбейсиң менин алымды.

Кайырма:

Сезимим менин таптаза,
Кири жок тунук булактай.
Жүрөктө жүрөт сакталып,
Кылымдар сени унутпай.
Дүйнөдө сүйүү бар үчүн,
Жашоонун болот мааниси.
Керемет жок андан ашкан,
Ал адамдын чоң бактысы.
Чыныгы сүйүү бир келет,
Ал назик жана морт болот.
Аярлап сактап калбасаң,
Бат эле сынып жок болот.

Кайырма:
  • Currently 4.63/5
(68 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (138)

12.09.2011. 17:21
 Шаиста Шатманова
Озгочолук бар, кийинки чыгармаларын кызыгуу менен кутобуз.
12.09.2011. 17:41
 dan88
Девушка прелесть!!!!
12.09.2011. 17:47
 tunuk9208
bul emne Guljigit bolup kalgan
12.09.2011. 19:34
 islamkg
жакшы клип,жакшы ыр экен!!!эвропанын жыты бар,алга,ийгилик сага
12.09.2011. 20:35
 Ashan
Кыргыздардын Виктор Цойу болуп кетиптир мага жакты!
12.09.2011. 21:08
 jazika
увидев его на рекламных щитах,о новом стиле и о новой музыке ожидала совсем другого.. конечно,его стиль тоже можно понять!
12.09.2011. 21:23
 ilgiz
Болот мага дагы жакты))) аткаруу жана музыка сапаттуу экен тобу дагы жакшы экен интернациональный Азамат балдар! алга!!
12.09.2011. 21:33
 Aelina
Salamat maga ayabay jakty, krassavchik! Klip ayabay jakshy tartylyptyr, birok yr kichine ancha emes bolup kalyptyr. Kiyinki yrlary abdan jakshy bolot dep ishenebiz! Iygilik!!!!!!!!!!!!!!!!
12.09.2011. 22:03
 neoline
erkeke okwop ele jur4u
12.09.2011. 22:09
 kinostan
супер! иничек азаматсын. Мындай жакшы клип куткон эмесмин. Рекламный шиттерден коруп, ничего себе дедим эле. Азаматсын! туура иш баштапсын. клип менен ырга беш деген баа!! азаматсын!!
12.09.2011. 22:10
 ZAG
Ogoooo! Ayabay sonun klip boluptur! Maga ayabay jakty! Bashka yrchylardan ayirmasy kop eken! Yrdagan stili, klibi tim ele sonun )))))
12.09.2011. 22:10
 kinostan
Достор, бул жигитти колдош керек. Жаны стиль, жаны музыка! угуп алып озунчо тан калдым. Биз кундо уккан тажатма компьютерный звуктар жок. Молочик!
13.09.2011 04:34
Buma
kinostan, :)
12.09.2011. 22:42
 jigit85
azamatseng bul er 4enenda ele osko4o eken magan ayabai jakde menin sotkamda erdalep jurot
13.09.2011. 02:21
 aziattita
музыканын уну эетпей калыптыр. а так ничего. надо немножко голос изменит и музуку более креативно звучно сделать. анан оло сонун болуп калат
13.09.2011. 03:01
 Ledi5
okwow ele baariniki,mawina,kiz anan talaa.
13.09.2011. 03:31
 Saltik
oi, KASIden korchumun bul balani, ozgorup ketiptir go...
13.09.2011. 09:31
 snejinka
рок-рулит)))) мынча жаны ырчылар кобойуп баратат, бунун баары кайда барат.... клипти башкача идея м-н тартса жакшы болмок, конумуштуу кылбай
13.09.2011. 10:00
 Jannet
Ваваууууу! Аябай сонун болуптур! Жаны стильдеги озгочо бир ырчы экен! Шаардагы коптогон биллборддорун коруп суктангам эле! Клип коруп жактырдым! Ырын кайсыл жерден кочуруп алсам болот ДОСТОР???
13.09.2011. 11:24
 andormeda
В.Цойго окшоштургандарды түшүнө албадым. Алтымыш ирет аңтарылып, кырк жолу кайра жаралса да Цойго тең келбейт.Бул баланын стли "цветнойлорго" окшоп калыптыр %)
Ии баса, бул менин жеке оюм, эч кандай ичим тарыбай эле жаздым. А то азыр жаза башташат да "көрө албай жатасың" деп (IMHO)
14.09.2011 19:42
Letty
andormeda, хе-хе
13.09.2011. 11:25
 andormeda
Эмне эле баарыңар "визжать" этесиңер "өзгөчө эле өзгөчө" деп?! Эмнеси өзгөчө экен?! Узун, агартылган чачынан башка эч нерсеси жок!Клиптегидей жол, буудай араламай буларда деле бар http://www.super.kg/media/video/46681/
http://www.super.kg/media/video/50223/
http://www.super.kg/media/video/45483/
13.09.2011 18:30
Buma
andormeda, bul saytka kirgenge ubakyt jok, kechirip koy, egerde ushul klipter okshosh bolso anda imenno Salamattyky bizge ozgocho boldu!!!
14.09.2011 09:18
andormeda
Buma, гыгыыыы ржунимагу))) бул сайтка киргенге убакытыңыз жок болбой эле,ушул сайтта эле отурбайсызбы менин комментарийимди сынга алып же жогорудагы комментиңиз чудо-юдо болуп кетип өзу жазылып калдыбы ыя? Окемдер айтат го "о вкусах не спорят" деп, лично мага Саламатыңардын өңү да, ыры да жаккан жок! Ничего особенного и грандиозных новшеств не вижу. Ой, вру...вижу оказывается, вижу его нереально поседевшие волосы, которые ему совсем не идут...Ошооо
15.09.2011 10:57
boronchu
andormeda, койчу ай! Мыкты эле болуп турбайбы!
23.09.2011 18:55
Buma
sen emne eozun jazganga ozun tushuno berebeyt okshoysun!!! ustundo 3 sait turat sen jazgan, myna oshol sayttar jonundo bolup jatat, kichine Logichno oylonup jazsan!!! Kudayga toboo, ozuno ozu tushunboy ele jüdöp jatat!!!
23.09.2011 18:57
Buma
sen emne eozun jazganga ozun tushuno berebeyt okshoysun!!! ustundo 3 sait turat sen jazgan, myna oshol sayttar jonundo bolup jatat, kichine Logichno oylonup jazsan!!! Kudayga toboo, ozuno ozu tushunboy ele jüdöp jatat!!!
OOba o vkusah ne sporyat, birok siz bashkalardyn da Vkusun syilanyz!!!
16.09.2011 18:51
emil
andormeda,Туура жазыпсын бул Цой болмушка караганда сенин Касеновун жакшы ырдайт экен
13.09.2011. 14:39
 aku
ech jakkan jok,yry da ozu da.
13.09.2011. 15:04
 Azados
Бул ырчыны аябай пиарить этип атышат баардык сайттарда.Бирөө аябай акчасын чачты.:)Бирок акча менен эле жасап салса болобу жылдызды, ушундай жаман жуман ырдап атса деле? Айланайындар, кайдагы Цой, кайдагы рок?
13.09.2011. 15:35
 Maxlan
Жаманды жаман деш керек!!!!
13.09.2011. 16:20
 Malysh
не очень, стар для шоу бизнеса, слишком много слов для такого типа музыки.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: