Мирлан Баеков "Ата тилеги"
03:42
3,52 Мб
Жүктөлгөн: 21-12-2010
Сөзү:Ж. Абдыраимовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(18 добуш)
Эрмегим элең эркелеп, кызым,
Колумдан кеттиң эртелеп, кызым.
Теңиңе кошуп узатып жатам,
Теңирим бакыт берсе деп, кызым.

Кайырма:
Ай, жыл да өтөр,
Улана, кызым.
Турмуш бул татаал,
Убара, кызым.
Атадай камкор болуп жүргүн деп,
Тапшырдым сени кудама, кызым.

Кайырма:
Бой тумар сындуу,
Көрүнгөн кызым.
Бой жеткен кезде,
Бөлүнгөн кызым.
Бакыттын кушун колуңа кармап,
Бактылуу өткүн өмүрдөн, кызым.

Кайырма:
Тартылган үйгө желегим, кызым,
Таарынып келем дебегин, кызым.
Ак тилегимди ыр менен сунуп,
Арнаган сага белегим, кызым.

Кайырма:

Комментарийлер (38)

21.12.2010. 19:53
 sezim
жакшы ыр, созу обону кимге таандык?
22.12.2010. 09:07
 Kokotay
Obonu jana maanisi jakwy eken. :)
yrdyn maanisi bolso myna uwul yr i tarbialyk maanisi bolso andan da jakwy
22.12.2010. 12:03
 kulberdi
казактардын ыры бул 2-жыл мурун казактарда ото поп ыр болгон жакшы аткаралбаптыр
22.12.2010. 13:47
 naris
Азаматсын мага абдан жакты!!!Ийгилик!!!
22.12.2010. 18:53
 shaltakpaltak
Mirlan Baekov ayabay jakshi irdayt. But irlari jagip kele jatat. Maanisi da soonun. Eski sozdoru jakshi irlardi jani jakshi obondorgo koshkondu bilet. Bul ir toylordo hit bolot go :) - toygo barchular jattap :) Mirlanchik iyglik saga!
23.12.2010. 05:15
 оштук
Аябай таланттуу бала.Кандай ыр болбосун жеткизе аткарат.Талантын оркундой берсин!!!А бул ырдын клибин жок кылып же башкача тартыш гана керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо