03:53
3,57 Мб
Жүктөлгөн: 18-11-2011
Жанр: Эстрада
Сөзү:И.Абдыразаковдуку
Обону:И.Абдыразаковдуку
Көчүрүү
Тагдырым берген жөлөгүмсүңбү,
Таалайым сунган белегимсиңби?
Махабат кошкон биздин жүрөктү,
Маңдайга жазган медеримсиңби?
Кайырма:
Күлкүңдөн кубат алып жашайын,
Турмуштун кырын бирге ашайын.
Жараткан кошкон узун жолумда,
Жанашып бирге чогуу басайын.
Багыма конгон периштемсиңби,
Бактымды чогуу бөлүшкөнсүңбү?
Балбылдап жанган көзүңдөн сенин,
Бакытым үчүн көрүшкөнбүзбү?
Кайырма:
Комментарийлер (51)