Мирлан Баеков "Каниет ыры"
Жанр:Эстрада
00:03:38
56,33 Мб
Жүктөлгөн: 08-12-2011


Обону:Г.Айдосованыкы

Өмүр менен жашымды,
Арнаймын деп мен элге.
Мен да жүрөм мекендин,
Эң керектүү жеринде.
Өтүп жаткан өмүрдү,
Токтотууга ал кайда?
Ага болгон кумарым,
Жашарткандай ал кайра.

Кайырма:

Түйшүктөнүп кайра эле,
Түбү бүтпөс санаамдын.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын.
Мен өмүрдүн четинен,
Кетилгенин сезгенде.
Мазем кетип жанымды,
Батыра албайм эч жерге...

Күндөр жылат агылып,
Жамгыр төгүп өткөндөй.
Жашай албай сагынып,
Жазды күткөн көктөмдөй.
Эмне мынча тызылдап,
Калуучудай кечигип?
Ал ансайын четинен,
Өмүр барат кетилип.

Кайырма:
  • Currently 4.61/5
(70 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (87)

10.12.2011. 12:06
 maks100589
уффф.. тоо чачып тик туруп, кароосуз калган бокендерге боорум ооруп кетти. жашоо неге кыйын?
10.12.2011. 12:56
 Jannet
Биздин шоубизнес качан онугот ыя?
02.01.2012 18:57
kyrgyz-adam
Jannet, онугот кудаа каласа жакында ыр суппер талантын ташкындай берсин азамат
10.12.2011. 13:35
 exo
Бул ырды Самаган Кочкоров "НУР" тобу ырдачу бирок Мирлан кичинэ озгортуп коюптур. Укса болот.
10.12.2011. 18:33
 777bazamat
жакшы эле бул сапар кулкулуу болбой калыптырго ))
03.01.2012 22:33
Kagan
1.05 мүнөттөгү эшик тааныштай көрүнүп жатат, адашпасам кызыл өрүгүндөгү эшик эмесби?
11.12.2011. 21:44
 kyla
бул баланын озу озунун нормальный ыры барбы аркимдин ырын ырдап эле журот
09.01.2012 01:11
Bishkek
kyla...кимдин ырын ырдаса да озу билет да сонун эле ырдайт
11.12.2011. 21:50
 jalbyrak
en mykty yachy!
12.12.2011. 19:52
 angelKG
ыр да сонун,ырчынын уну андан сонун.Кыскасы баары топ келишкен.
21.12.2011 23:35
Uli85
Привет.angelKG,
24.12.2011 13:35
angelKG
Uli85, Привет.
13.12.2011. 14:40
 Asecha
Абдан жактыыыыыыы, суйуп калдым бул ырды. Мына, кайра-кайра угуп жатам. Азаматсын, Мирлан. Талантына баа бердим. Ушунчалык журокко жеткире ырдаптырсын.
14.12.2011. 15:31
 gul-amina
сонун ыр да мага да жагат уну таза бала баардык ырдары жагаг
14.12.2011. 15:39
 cholponai-5
Азамат Бирлан Баеков.клип иинине жеткиликтуу тартылган!
15.12.2011. 14:06
 bahabala
эн сонун клип, эн сонун ыр!!!!!!!!!!!!
16.12.2011. 15:26
 Мэри
Терең мазмундуу, философиялык ойлорго бай, жакшы чыгарма болуптур. Обону да жакшы. Аткаруучу да жеткире ырдаган. Азамат! Ийгилик!
17.12.2011. 02:17
 muhanmet
"нур" тобунда Клара Алибекова мындан кобун эсе уккулуктуу ырдаган эле.Мирлан деле озу ушундай ыр жазып ырдаса жакшы болмок.
17.12.2011. 23:21
 Anita
эн жакшы ырлардын бири
18.12.2011. 11:48
 zvezdochca
superrrrrrrr, kaira kaira ugup atam
19.12.2011. 10:42
 Raiona
kilimda jalgizgo mindai un alga mirlan
20.12.2011. 11:42
 Дикуся
Ырдын созу. музыкасына соз жок-супер! Мирлан азаматсын! Ушуга окшогон ырларды тартуулап эле журо берсен гана. Канча уксан да тажабайсын! Азамаааааааааат!
20.12.2011. 14:48
 daniyar.
Жакшы жакшы.
21.12.2011. 22:14
 nolvan
жакшы ыр экен
21.12.2011. 23:38
 Uli85
Зор ыр экен,абдан жакты.Алга Мирлан
22.12.2011. 06:33
 Elika
Аябай сонун ыр экен.
22.12.2011. 17:35
 shaitanmoskvalik
молодец узкоглазый
23.12.2011. 16:49
 aika0906
маанилуу ыр
25.12.2011. 03:07
 gulmira.kg
жакшы ыр экен.алга Мирлан!
25.12.2011. 14:46
 ALBIKA
башкалар мынчалык ырдай алган эмес.Ото жагымдуу ырдалган.Ийгилик...
26.12.2011. 13:08
 guljigit
Ассалом Алейкум туугандар!!! Мирлан чон рахмат сага журок эзген ырына,ийгилик каалайм Эркекче.
27.12.2011. 11:01
 bupugul
ыры сонун,клипи тушунуксуз
28.12.2011. 20:16
 Molodec
Каниет деген соз озу эмнени тушундурот.
08.01.2012 19:40
moinok
Каниет деген - барга көппөй, жокко чөкпөй жараткандын бергенине ыраазы болуу, топук кылуу дегенди түшүндүрөт. Нысап кылуу ж.б. короче, жакшы сөз.
30.12.2011. 17:25
 Knt
sonun!
31.12.2011. 11:40
 urustamov
Азаматсын сонун ыр.Талантын оркундой берсин.
25.01.2014 02:01
bmv.x6
просто супер алга жаман коментарияларга конул бурба !!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: