Урмат Усенов "Сенсиз"
03:54
3,59 Мб
Жүктөлгөн: 27-12-2011

Бул ыр Бактыгүл Бадыева менен биргеликте аткарылган
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(21 добуш)
Кайырма:
Асылым айдагы,
Күмүшүм күндөгү,
Кумардын күбөсү,
Жылдызым түндөгү.

Сүйгөн жокмун көздүн сулуусун,
Күткөн жокмун сөздүн жылуусун.
Бакытымды байлап бергенмин,
Махабаттын тандап улуусун.

Мезгил өтөр, күндөп, ай өтөр,
Менде дагы сүйүү гүлү өсөр.
Кимде күнөө талдап биле албайм,
Кирсиз сезим жана албай өчөр.

Дартсыз жүргөн даалай тынч жаным,
Дармек издейт сизди кызганып.
Бакытымдын багы гүлдөгөн
Жыпарыңдан чиркин жыттанып

Кайырма:

Табылганым таптым сезилет,
Тармал чачың сылай эзилем.
Талаайымдын таңын атырган,
Таң сулуусу сенсиң керилген.

Илебиңе күйдүм алсызмын,
Илдет чапты сенсиз жалгызмын.
Тандап алган жүрөк бутасы,
Түгөйүмүн сиздей жалгыздын.

Дартсыз жүргөн даалай тынч жаным
Дармек издейт сизди кызганып.
Бакытымдын багы гүлдөгөн
Жыпарыңдан чиркин, жыттанып

Кайырма:

Комментарийлер (41)

27.12.2011. 16:25
 ergazy.kgz
не жаны ырбы ?
27.12.2012 03:20
bambucha
жаны ыр деп айтууга болбойт го. себеби ушул учурда Неля Урматты үн жазуучу студияга жибербейт да Бактыгүл менен бир ыр бар ырдайбыз десе. ))

У. - Неля студияга барып келейинчи Бакуля менен "Сенсиз" аттуу ырды жаздырыш керек эле.

Н. -Эмнееее? Эмне дедиң Бакуля дедиңби?

)) тамаша
27.12.2011. 17:15
 Makaton
Экоо элдешкенби? Вообще бири бири жонундо айткылары келчу эмес эле го... Же бул ыр мурунку элеби?
27.12.2011. 21:18
 gulgaaky
Жакшы ыр экен.Рахмат:)
27.12.2011. 23:07
 Molodec
Буларга эмне жин тийгенби?
27.12.2011. 23:34
 balykchydan
Жаны ыр го чын эле?
28.12.2011. 10:29
 TilekAsel
jook bul muruuuuunkuuuu ele ir
28.12.2011. 13:32
 Kyrgyz-Sher
Урмат озу Бактыгулду еле алышын керек еле
22.05.2012 00:18
toktonazarova
Kyrgyz-Sher, ошону айтсан
28.12.2011. 14:10
 TUMAN
Булардын акыл эси ордундабы??Эми Нэляга Эле жаман болот!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо