Булан "Өзүмдү сага беремин"
Жанр:Поп
00:03:15
20,48 Мб
Жүктөлгөн: 18-01-2012


Узакка кеткен оболоп үнүмдү сага беремин,
Сезимди бийге келтирген сүйүүмдү сага беремин.
Алоолоп күйгөн түтүнсүз арымды сага беремин,
Жүрөктү турган камчылап канымды сага беремин.

Түшүмдө сени көрүп ойгонуп,
Талпынып сага, жаным, келемин.
Жанымды жөнсүз жаралап кыйнабай,
Өзгөчө дүйнөм менен,
Мен өзүмдү сага беремин.

Кайырма:
Көп кыздардын арасынан сени тандадым,
Жаз гүлүндөй сулуулугуңа, жарым, арбалдым.
Оо, өзүңө ашык болдум жалгыз өмүрдө,
Жан шеригим, жана берчи, мен карып өткөнчө.

Суурулуп чыккан ааламдан сөзүмдү сага беремин,
Өрт болуп кокус жаралган жүрөгүм сага беремин.
Жан дүйнө бирге жаралып, жалжалым, көңүл табалык,
Жалындап күйүп түбөлүк, жашоодо бирге жаналык.

Түшүмдө сени көрүп ойгонуп,
Талпынып сага, жаным, келемин.
Жанымды жөнсүз жаралап кыйнабай,
Өзгөчө дүйнөм менен,
Мен өзүмдү сага беремин.
  • Currently 4.24/5
(38 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (69)

18.01.2012. 16:53
 elaman93
дима биландын клибин сюжетин, индиянын оьонун урдаган го. Бирок жакшы чыгыптыр
18.01.2012. 16:57
 OdiNokaYa
Бул дагы ким болду? Хммм норм укса болот.Бирок акырына чейин зеригип кеттим((((
18.01.2012. 17:00
 Asecha
Эмнегедир бул баланын кыймылын, мимикаларын Темир Назаровго окшоштурдум. Ыры болсо катардагы эле ырлардан, клибинен деле озгочо баса белгилоочу нерсе тапкан жокмун. Ун дегенден "вообще" эчтеке жок. Ошентсе да ийгилик каалайм, аракет кылсан - берекет деп коет го... :(
18.01.2012. 17:10
 ZAG
дагы бироо! суйууу тигил бул! бут эле окшош
18.01.2012. 17:54
 kuoipo
klip dima bilandyn klibine okshosh eken, aty da okshosh bilandy ele bulan kylyp alyptyr :)
18.01.2012. 19:54
 Attokurov
klip jakshy birok yry jakpady
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: