Султан Садыралиев "Кош айтам"
03:28
6,35 Мб
Жүктөлгөн: 30-05-2012
Жанр: Поп
Сөзү:С.Садыралиевдики
Обону:С.Садыралиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.59/5
(56 добуш)
Кантем ай, кете бердиң кайрылбай,
Ак сүйүүмдү койдуң баалабай.
Сүйкөнбө сүйбөгөнгө деген бар,
Кош болгунуң анда, жаным ай.

Кайырма:
Кош айтам сага, суранамын, жолукпа мага,
Айыгарда сезимде жарам.
Алсырап турам, канжары жок кансырап турам,
Жообу жок сүйүүдөн улам.

Эгиздеп жүргөн сага жүрөгүм,
Алдаганың эстеп жүдөймүн.
Убакыт айыктыраар мени да,
Сенсиз деле өмүр сүрөмүн.

Кайырма:

Комментарийлер (71)

30.05.2012. 12:27
 aman-88
молодец Султан укулуктуу экен!!!!! бирок ырдын созу анчалык эмес)).... алга и ийгилик!!!!
30.05.2012. 12:57
 andormeda
Мен Султандын ар бир ырын сүйөм, ырларынын ар бир сөзүн жүрөгүм менен угам. Султанда да эң мыкты аткаруучулук сапат бар,ал ырды жүрөккө жеткизе ырдайт!Азамат!
30.05.2012. 14:47
 Alisher
Super en jaksi ozu negizi Sultan kanday ir bolbosun jetkize irday alat bul iri da en jaksi boluptur Alsirap turam kanjari jok kansirap turp joobu jok suyudon kosh aytam saga... maaniluu kayra kayra uga berchuu Iygilk Sultan dagi jaksi irladi kutup kalabiz eger bishkekte bolgonumda barmakmin konsrtine....
30.05.2012. 15:08
 BEKTUR AZHO
Жакшы ыр экен, ойго салып койду
30.05.2012. 16:52
 stursunkul
абдан жакты, оранжировка, обону, сөзү. Негизи адамдын ич сырын чыгара ырдайт. Азамат.
30.05.2012. 18:13
 antivir
уккандан мурда молодец деп коёюн
30.05.2012. 19:14
 EkaMika
Уккулуктуу,жакшы эле..
30.05.2012. 21:53
 Lunar
Эл журт! Телефонго кантип жуктосо болот? Жуктосомда окубайтго?
31.05.2012 08:11
yomaosh
Lunar,
сен кочургон файлдын аягында ".mp3" деп турабы? жок болсо, аягына .mp3 деп кошуп кой. мисалы, sultan_kosh_ayam.mp3. анан телефонуна кочуруп кор.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо