Эрлан Андашев, Турдакун Ниязалиев "Кудай экен"
Жанр:Эстрада
00:03:17
32,26 Мб
Жүктөлгөн: 17-07-2012


Сөзү:Надырбек Алымбековдуку
Обону:Турдакундуку

Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан күчтүү кылган Кудай экен

Абаны сулуу кылган ырай экен,
Адамды сулуу кылган чырай экен.
Чырайлуу табиятты тартуу кылып,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген,
Кудай экен.

Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен.
Мезгилдин арыз муңун айта жүр деп,
Мендейди акын кылган Кудай экен.

Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан кучтуу кылган,
Баарынан кучтуу кылган,
Баарынан эстүү кылган,
Кудай экен

Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен,
Мезгилдин арыз муунун айта жүр деп
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган Кудай экен.


  • Currently 4.67/5
(24 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (56)

17.07.2012. 12:13
 Aika001
soooonun,jakshy duet boluptur,Turdakundun unu ayabay jagat,mashalah,jakshy yrdayt,Salavat,Enekem degen yrlary ozgocho jagat...chygarmachylyk iygilik kaalabyz,dagy da jany yrlaryndy kutobuz,iygilikter!!!
17.07.2012. 12:52
 Asecha
Ырдын маанисинде соз жок, ыйманга ундогон ыр экен. Бирок тексти жарды деп айтат элем. Кайталанма создор, эч коркомдук жок. Ыр деген журокко жетиш керек го дейм менин оюмча!
17.07.2012 13:46
werim333
Asecha, адамдын журогунон чыккан чыр. Кудайга болгон суйуусун билдирген ыр. Адам баласын ыймандыкка чакырган ыр. Башка эмненин кереги бар?
17.07.2012 15:58
BNA
werim333, туура ыйман тууралуу жакшы ыр, сонун дуэт, Турдакун , обону супер, аа текстинде оорунсуз кайталоолор отто коп!!! Поэзия жаатында абдан ЧАБАЛ экенсин!!!
17.07.2012. 13:38
 ХАНЗАДА
Ырдын автору Турдакун анча-мынчаларга караганда ислам тууралуу тушунугу кенен жигит. Ошон учун ырын сынай албайм, обону да жакшы экен. Ынактын "айлуу кеч" ырынын да автору ушул жигит.
24.12.2012 17:07
Samalisha
ХАНЗАДА, туура айтасын! сага толугу менен кошулам. Ал ыр боюнча талаш-тартыш жонундо кабарым бар
17.07.2012. 13:38
 ZAG
Эрлан Андашевди жараткан Кудай Экен!!!
Эрлан Андашевге ун берген Кудай экен!!!
17.07.2012. 13:40
 zulayka
Ушул эки жигитти Кудайым колдонусун! Мыкты ыр болуптур Кудайга арнлаган. Баардыгы эле суйуу суйуу деп да тажатышты!!!
17.07.2012. 13:47
 werim333
Мыкты ыр!!! +5 деген баа берем
17.07.2012. 13:55
 aigerimkg
Ыр аябай соонун болуптур Кудайды даназалап ырдасы сооп табасын..Бизди жараткан Алла ыраазы болсун сиздерге.Дагы ыйман жонундо ырлар коп чыкса жакшы болмок
17.07.2012. 15:37
 argen54
Ырчылардын клибин бизге сунган "Супер Инфо" гезитин Кудай колдосун!!! Аябай мыкты ыр болуптур!!!
17.07.2012. 16:12
 azapraza
Sonun sonun
17.07.2012. 19:10
 gita
Акыркы замандары Эрлан Андашев кайра чыга баштады! Жаны продюсер менен иштеше баштады деп уктум! Чыгармачылыгына ийгилик, Эрлан... Кудай сени колдосун!!!
17.07.2012. 20:24
 mr.alaman
Ушундай ырларды кобуроок жаратыш керек... Адамдык сапаттарды ондогон. Келчи жаныма, мени опчу, сени суйомдор уже надоел десен! Эркек Эрлан!!!
17.07.2012. 21:00
 RossiKG
Улуу Аллахым Кыргыз Элимди Биримдиктуу кылып- Бактылуу Жашатсынчы! Оомийн!!!
17.07.2012. 21:32
 asanovich79
ушу Эрландын продюсери Айбек кыйын эле бала. отуруп алып Эрланды мактап ырына комментарий жазып толтуруп жатат. Гулжигитин болсо кайра тартып алган экен. ыр кудай жонгундо экен. жаман дебейм. клип жакпады мага.
17.07.2012. 22:44
 Aelina
ortocho ele boluptur.
18.07.2012. 01:53
 Bishkek_87
М.Атабековго окшоштуруп ырдайт.
18.07.2012. 08:19
 aijamal-19.90
azamat Turdakun baike yrdap da ozynyn talanttyn synap koryptyr . Dilmyrokton kelip sabak otyp kalganynan taanyp kalgam allah yraazy bolsun sizge
18.07.2012. 11:19
 ROZI
Абдан жакшы!!!
Баарынан адамзатты эстуу кылган АЛЛАХКА чексиз мактоолор жана шугурлор болсун! Альхамдулиллах
18.07.2012. 19:46
 taalai73
Ай эл-журт Эрлан Андашевдин продюсери Эркин Урманбетов!!!
18.07.2012. 19:51
 taalai73
Клип аябай мыкты болуптур!!!
18.07.2012. 20:18
 gita
Эркин Урманбетов негизи ээле кыйын жигит деп уккам! Проекттери аябай коп экен!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: