Дайыр Исмадияров "Сагынба"
Жанр:Поп
00:03:54
37,82 Мб
Жүктөлгөн: 03-12-2012


Сөзү:Жоодарбешим
Обону:Эдиль Маматовдуку

Ак булут учат көктө сабалап,
Асылым, мени койчу аярлап.
Алыстап мезгил учуп баратат,
Бактылуу биздин ал убак.

Жан дүйнөм турат азыр жабыркап,
Жашоомдун баарын кеттиң кайчылап.
Адаштык окшойт эми экөөбүз,
Ай күндө көрүшпөй калсак.

Кайырма:

Сагынба, сен эми кайгырба,
Ыйлаба, тагдырыңа таарынба.
Сагынба, сен эми кайгырба,
Ыйлаба, тагдырыңа таарынба.

Кайрылбас биздин эми махабат,
Кантейин, тагдыр, койдуң жаралап.
Бир келген менин тунук сүйүүмдү,
Буйрубай койдуң мени жазалап.

Алыстап көктө учат ак куулар,
Алардын кайгы-муңу дагы бар.
Ыйлаба, жаным, эми ыйлаба,
Ызага түшүп, жаным, кайгыра.

Кайырма:
  • Currently 4.00/5
(1 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (110)

03.12.2012. 13:21
 nurchik-92
супер ыр супер клип, алга дайыр иштерине ийгилик, ар дайым жакшы ырларды чыгарып журоберишине тилектешмин, Мырза Париж сен менен сыймыктанат.
03.12.2012. 13:33
 Altuna
супер клип и песня. Молодец!!!
03.12.2012. 14:09
 Nazika_92.29
Bul kyzdy korup jurogum oorup ketti,ayabai okunuchtuu klip eken!Daiyr AZAMATSYN jumushuna iigilik!
03.12.2012. 14:41
 kani86
азамат!!!Дайыр ушул ырын жакты мага. ушундай журок эзген ырларды укканды жакшы кором!!!!
03.12.2012. 14:51
 jaina
Таасирдүү клип болуптур, азамат Дайыр. Бирок кайгылуу экен аябай.
03.12.2012. 14:52
 Dina88
Соонун клип экен мага аябай жакты
03.12.2012. 15:00
 kapo-81
молодец Дайыр
03.12.2012. 15:05
 Altysh_Boldush
казахтардын клипинен урдалыптыр а?
03.12.2012 19:41
meerim197
kazaktardyn klibinen urdalaby je ozu tartaby,zato araket kylyp tartyp jatat,sen tartchy gana koroiun!Birok bul klip tochno uurdalbagan uktunbu!
04.12.2012 08:58
snejinka
Altysh_Boldush, жуктоп коесузбу ошол клипти
03.12.2012. 16:39
 kgul
баардык клиптерин чогултуп туруп дагы бир клип чыгарып коюптур
03.12.2012. 16:42
 Roki
normal'no sovremennyi klip. Daiyr alga brat!!!
03.12.2012. 20:22
 leila28
Я в конце заплакала...шикарный клип...
03.12.2012. 21:32
 Samat.A.A
Дайыр азаматсын, клиптерин отто жакшы тартылып жатат,дагыда коптогон клип ырларды жарата бер ийгилик сага...
03.12.2012. 21:54
 FERA
ырдын маанисине жараша клип экен молодец
03.12.2012. 23:33
 beka1
даа супер!
04.12.2012. 02:36
 Yryska93
Эх Дончик байке кандай гана керемет ырчы,актерсуз дев красивая оч и вы подходите друг другу даже очень! Будем ждать от вас еще таких же как обычно классных хитовых песень)))
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: