Гүлнур Сатылганова "Нандын жыты"
Жанр:Поп
00:04:06
49,6 Мб
Жүктөлгөн: 20-12-2012


Сөзү:Муса Жангазиевдики
Обону:Эрнест Абдыжапаровдуку

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВАДАН ЖАҢЫ КЛИП
Жаңы бышкан нандын жыты,
Күндүн жайкы ысыгы.
Нан көп болсо үйдүн куту,
Эки беттин кызылы.

Жаңы бышкан нандын даамы,
Жалпы дыйкан эмгеги.
Бүткүл элдин жүрөк каны,
Кен байлыгы жердеги.

Жаңы бышкан нандын жыты,
Жазган ыры акындын.
Көзгө сүйкүм тынчтык кушу,
Күч-кубаты баатырдын.

Жаңы бышкан нандын даамы,
Ата-Журттун дымагы.
Ошондуктан элдин нугу,
Эзелтеден тынбады.
  • Currently 4.15/5
(27 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (56)

20.12.2012. 11:39
 Tattyy
Супер!
20.12.2012. 11:46
 gulmira.kg
сонун сиз суперсиз Гулнур эже!
20.12.2012. 12:08
 Tangsuu
Баардыгы сонун!!! Супер ыр & клип.
20.12.2012. 12:11
 akbari
syper
20.12.2012. 12:48
 Nosonte
Соз жок!!! ушунчалык даанышмандык мн тартылган!
20.12.2012. 13:31
 adaw
Gulnur eje maga abdan jagat. baargik jaginan top keliwken a9l zati dep ayta alam
20.12.2012. 13:46
 FERA
жакшы тартылыптыр Гулнур эжекебизге чыгармачылык ийгилик
20.12.2012. 14:01
 univer
обожаю ее творчество
20.12.2012. 15:36
 Адам
Клипти тарткан Эрнест Абдыжапаров. Агайдын ар бир эмгеги тыкандык жана атайын табит менен жасалат. Эмгегиңизге таазим, Эрнест агай!
20.12.2012. 15:47
 azi1
Гулнур эже боп кетиптирсиз и на этой раз.Уважаю,люблю,скучаю по вам....
20.12.2012. 16:08
 tukitegin
Нан коп болсо уйдун куту, Эки беттин кызылы- Бул эмне деген соз. Нан менен эки беттин кызылын кантип салыштырып атат. Же эмне кызыл беттер эле нан жеп, калгандары жебей калабы. Шамаалга, кунго куйгон беттер, аппапакай беттер деле нан жейт. Туура эмес ырдалган ыр. Ал эми клиптин тартылышы жакшы. Бул жолу Ырды ырчы кооздобой эле эрчыны жакшы тартылган видео кооздоптур.Модератор info түзөттү 20.12.2012 17:23
20.12.2012 16:46
Sydykova
tukitegin,мынча чычаладыныз?!Курсагын ток болсо бетинде кызыл жугурот,ал эми нан жебей ачка журсонуз,кубарып,купкуу болот бетиниз.Нан м.н токчулукту тушундуруп атат,токчулук м.н бетке кызыл жугургонун айтып атат...
20.12.2012 17:44
raida
tukitegin, ozunuzdun degeelinizge tushunup, ozunuzdun dengeelinizde pikir jazypsyz.Maanisin tushungon kishige sozdordun maanisi en sonun.Syn aitaardan murun jakshylap oilonsok ,jakshylap analiz bersek deim da.
20.12.2012. 16:34
 naz90
мне клип очень понравился...
20.12.2012. 17:12
 jyldyz84
жакшы клип эже сиздин ырларыныз жакшы сизгеийгилик
20.12.2012. 19:51
 Шаиста Шатманова
Иииий, жөжө! Кичинекей балакай аябай жакты! Сонун клип болуптур.
20.12.2012. 20:18
 Adivai
Гулнур эже сизди жакшы корчу элем бетиниздеги тату жарашпай калыптыр
20.12.2012. 20:52
 gulya_93
сонун
21.12.2012. 14:09
 white_angel
ой,какой доообрый клип,супер
21.12.2012. 14:26
 azi1
tiktegin сен башка жакты эле тиктечи....
21.12.2012. 19:17
 Атасынын баласы
Азаматсыз! Ийгилик сизге
21.12.2012. 19:44
 alhayan
Эң мыкты, эң жогорку деңгээлдеги клип болуптур! Сын айткандарга түшүнбөйм! Баары идеалдуу тартылган! Клипке тартылган каармандар да жакшы тандалган, мойтойгон балакайга чейин! Гульнур эжекенин татусу да жарашкан! Бул деген өсүү, бул деген умтулуу! Кыргыз шоу-бизнесиндеги эң биринчи сооооонун клип! Башкалар да ушундай деңгээлге умтулушса!
21.12.2012. 19:47
 alhayan
Сүйүү жөнүндө гана эмес, нан жөнүндө да жакшынакай клип тартса болот экен! Эрнест агай менен Гульнур эжекенин талантына таазим! Ишиңиздерге ийгилик! Бизге дагы көп "Асман" жана "Нандын жыты" сыяктуу клиптерди жарата беришиңиздерге тилектешмин!
21.12.2012. 22:50
 SHAMIR
Болко - нанды эле туура эмес тандап албаса калганы жакшы тартылыптыр!!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: