Баястан, Бегиш, Назгүл Токтакунова "Акыркы кат"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:50
47,7 Мб
Жүктөлгөн: 17-01-2013


Акыркы учкан катымды окуп, түшүнгүн, жаным,
Сен үчүн жаратып бермекмин бүт ааламдын баарын.
Өзүң деп ойлоп, өмүр бойлоп, карабайм мен башкаларын,
Ар дайым мени жыргатып жүрчү элең го күн сайын дайым.
Текке кеткен күндөр, сен үчүн үзгөн гүлдөр,
Сенин назик келбетиңди жанымда күндө күлгөн.
Кармашып колубуз жүргөн, жүрөгүм сезип жүрөт,
Карегиңден аккан жашыңды мен эстеймин күндө.
Тагдырымдын берген татаал убакыты болуп,
Ыр менен чыгарууну чечтим, жүрөгүм куса болуп.
Сүйүүнүн суугуна куса толуп,
Бошоттум сени толук.
Башка менин жолум,
Сен өз сүйүүңө жолук!

Кайырма:
Жараланган жүрөгүм сен кайрадан козгодуң,
Жаралап сезимдерди мезгил келди сактап жүргөн,
Биз бирге түшкөн сүрөттү.
Сага арнаган күндөрүм өттү,
Сага жазган күүлөрүм өчтү.
Мага чалба эми, чалба,
Мага жазба эми, жазба,
Тагдырымдын татаал күндөрү өттү.

Эми ажырадың менден, үзүлдү колубуз,
Ойлонбой кылган кадамың, үзүлдү жолубуз.
Мен да учамын сенден алыс, алыс тараптарга,
Коркпо, күчүм жетет жаңы сүйүүнү жаратканга.
Билем, сен деле билесиң жашоонун ырахат жолдорун,
Ишен, мен деле билемин, калп айтпастан сен колдогун.
Эми алыс боломун, карматпаймын колдорум,
Сагынганда угуп кой, обондордо боломун.
Кош бол, бош бол эми асманда учкан чымчыктай,
Ар дайым бийик бол, күндө жанган жарык жылдыздай.
Жүрөктү оюп кыйнаган окуяны укту Кыргызстан,
Менде болгон жомокту каалабаймын башкага.

Кайырма:


Өттүбү күндөр сени ойго салган?
Учамын алыс, жаңы сүйүү жаратам.
Эми баары элесимде калды,
Менин барым сага болду кайгы.
Жалган сүйүү алдады,
Биз экөөбүздүн күндөрүбүздү,
Сен мага болгон мээримиң төгө албай,
Сага болгон сөзүмдү айта албай,
Өттүбү күндөр сени ойго салган?
Учамын алыс, жаңы сүйүү жаратам.
  • Currently 4.63/5
(35 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (73)

17.01.2013. 18:04
 capslock
Баястан, Бегиш соонун заманбап ырчылар болуп чыгып жатышат э. Азаматтар мен силерди аявааай жакшы кором да. Баястандын колун ийип ийип рэп айтканы жагат. Он такой миленький
18.01.2013. 01:19
 Анжелика Бекболиева
Мага клип абдан жакты!!!Назгулянын уну бул ырга жана клипке чон корк кошуптур!!!Молодцы!!!Модератор shasi түзөттү 18.01.2013 17:32
18.01.2013. 02:27
 eryk
А клип просто супер,ребята!Особенно кадр на фоне меняющегося неба-просто завораживает!Респект пацаны,вот какие клипы надо снимать!
18.01.2013. 05:06
 azigrun
Maga yr abdan jagat, pryam sujom da! Birok, klip jakkan jok =( kechirip koigula birok chynynda ljaptar kop eken, jamgyrdyn jaagany jana bashka, oto biyik dengeelde emes, kto bolee professionalnee menja poimut...
18.01.2013. 10:13
 bosmos7
Чыныгы мыкты сапатагы тасма болуптур!!! Азаматтар Голливуд!!!
18.01.2013. 11:48
 white_angel
Клаассно! Ушул ырдын клибин кутуп жургом.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: