Эрнест Бөрүбаев "Сиз жөнүндө"
02:50
3,23 Мб
Жүктөлгөн: 06-02-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Сатканбай Момуналиев
Обону:Түмөнбай Колдошов
Көчүрүү
  • Currently 4.53/5
(17 добуш)
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.

Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо - бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.

Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.

Комментарийлер (50)

15.02.2013. 00:13
 koshuna
жакщы
16.02.2013. 15:45
 st.bay_production
yrga soz jok. Ernest bul yrdyn avtroru kim eken
28.02.2013. 19:23
 eliza1986
Абдан жакшы ыр экен. Жан дуйнонду оодарып жиберет экен. Чын эле Эрнест байке автору ким болду экен?
28.02.2013. 23:17
 Begimkyz
Отконумду эстетип жиберди. Молодец брат, эркек экенсин. Жан дуйного жетти ырын!
19.05.2013 01:41
Эрнест Бөрүбаев
Begimkyz, Рахмат чон
14.03.2013. 13:21
 janetta
ачуу чындыкты даназалаган жакшы композиция болуптур. Грамотно
06.04.2013. 02:01
 ulukbek
ушуну айтаса болот ырдын корозу деп
07.04.2013. 11:29
 tilekjusupbekov
эн жакшы ыр
09.04.2013. 19:00
 Эрнест Бөрүбаев
Суйомун да жек коромун сизди эпсиз.туура варианты
06.12.2013 08:26
i-nurbek
Эрнест Бөрүбаев, Саламатсызбы Эрнест байке. Ушул ырыныздын минусовкасы барбы? Болсо жуктоп койунузчу. Мага абдан жакты.
11.05.2013. 18:21
 zak81
ооба ырды жакшылап угуп анан жазсанар болмок
11.05.2013. 18:54
 kreml87
соонун ыр экен.жете турган жерине жеткире койдуго!
14.05.2013. 17:57
 Nurik_UFC
баракелди
15.05.2013. 10:38
 тоолук кыргыз
Жакшы ырдаган, журоко жеткире!!! Эрнист акенин Сагындынбы деген ырын жуктоп коёсуздарбы сиздерден сураныч...
15.05.2013 19:21
admin_media
тоолук кыргыз,
Саламатсызбы! Биз автор менен байланышканыбызда, сиз сурап жаткан ырды аткарган эместигин кабарлады.
20.05.2013. 08:48
 Bekabeku
Бул ырдын созу кимге таандык экенин билбеймин, обону Тумонбай Колдошовго таандык.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо