Айдин Шер "Махабат - өмүр көркү"
Жанр:Поп
00:03:34
55,6 Мб
Жүктөлгөн: 27-10-2009


Сөзү:К.Тайчабаровдуку
Обону:Э.Жоошевдики

Жолугуп махабаттын даамын татсаң,
Жүрөгүң үмүт кылат.
Жалгыздык кучагына азыр батсаң,
Жан шерик күтүп турат.

Жүрөк үнү да жалгыз болбойт,
Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт.
Сезимдин оту куйкаласа,
Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт.

Өмүрүң көрккө келет жолун улап,
Махабат жандап турса.
Сүйүүгө жүргүн дайым кол булгалап,
Тагдырың калчап турса.

Жүрөк үнү да жалгыз болбойт,
Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт.
Сезимдин оту куйкаласа,
Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт.

Турмушуң сызык болот,
Ар кандай кызык болот.
Махабат коштоп турса,
Өзүңдү алдабагын.
Тагдырды кармабагын,
Сүйүү келсе.

Махабат - өмүр көркү.
Жүрөгүң сыздап, ооруп жатса,
Чыдагын сен ансыз болбойт.
  • Currently 4.38/5
(8 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (62)

27.10.2009. 15:50
 Латыш
Сонун ыр экен, мага жакты
27.10.2009. 17:09
 MaRmeLaDka
Ии, ушул ырды коптон бери жактырып угуп журот элем. Эми сонун да.Соз жок!!! Таасирдуу, назик ун менен ырдаган.Клипи так себе, а ыры 5ке смело татыктуу!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: