Айпери Сыдыкова "Махабатты барктайлы"
Жанр:Поп
00:03:37
51,78 Мб
Жүктөлгөн: 30-04-2013


Жүрөктөгү сүйүү отун муздаттың,
Жүзүң буруп жаркыныңдан узадың.
Өзгө менен сени көрүп чыдабай,
Өмүрүмдү кара булут каптады.

Кайырма:
Сени ойлосом ачык болот асманым,
Кыялданып бактылуудай карааным.
Кыянаттык кылганыңды эстесем,
Кыштын кыраан чилдесинде каламын.

Сыйлашалы, сезимимди чанбачы,
Сырдашалы, укмаксанга салбачы.
Иренжитип шылдыңдайсың, кыйнайсың,
Издеримди кетсем кайдан табасың?

Кайырма:

Кел, ардагым, бар сүйүүнү барктайлы,
Аз өмүрдө тирүүлүктү баалайлы.
Көз жумайын жүргөнүңө адашып,
Кел, таалайым, махабатка баралы.
  • Currently 4.47/5
(30 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (84)

30.04.2013. 18:58
 Samat.A.A
Жакшы...
30.04.2013. 19:05
 bakyt.anara
Айпери ырга +5 глосуна соз жок ушунчалык жагымдуу,аппакай акуу деген ырындыда уктардада ойгонордрда угуп жаттчу элем. жоголуп кеттпей коп коп жакшы ырларды жырытышынды суранам.
bakyt.anara, Рахмат,жоголбогонго аракет кылам. :)
30.04.2013 23:09
nusi95
Айпери Сыдыкова, ырыныз сооооонун экен бирок клипке тушунбойкалдым((( мумкун болсо айтып койсонуз)) жооп кутом
nusi95, Klipte jigit bashka kizdar menen flirtovat etip jurot,birok osho uchurda any kiz korup turganday tuyula beret.Burulup karasa jok.Gul menen sharf arkiluu men jigitke belgi berip jatkanday oi kamtylgan.Rejisserdun koz karashy boyuncha men devushka-sudba ekenmin...Akirinda jigit munun baaryna chekit koyup,guldu alip, kayra suyuktuusuno kaytp ketip jatkany...
01.05.2013 09:51
Debi
Айпери Сыдыкова,койногун сонун экен, сулуу мүчөңө абдан жарашып турду. Клипти кооздоп турган мына ушулар жана сенин татына жүзүң болду. Башканы түшүнүү кыйын болуп калыптыр. Бул айтканыңа караганда идея жакшы экен, бирок ачылбаптыр.
02.05.2013 06:05
nusi95
Айпери Сыдыкова, чоон рахмат конул болгонунуз учун
30.04.2013. 20:11
 admin_media
Azaika.t.b,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
Сизге эскертүү!
30.04.2013. 22:24
 urmatto
Жакшы,жакшы,жакшы баары жакшы беш баарына.
30.04.2013. 22:29
 melkaya
Maga jakty,kim tartsa da super.
30.04.2013. 22:35
 timan86
Агентчи кызго бул ырчы кызбы ?
01.05.2013 14:52
aika_sv
timan86, жооп бербей койсо жылдыз болуп кетиптир дейсинер, жооп жазып эл менен байланышта болсо агентчи дейсинер, ушинтип жооп жазып турса жакшы го.
aika_sv, ))))))))
03.05.2013 18:00
timan86
aika_sv, Омей мен жон эле айттым ырчы кызбы деп ?
30.04.2013. 22:45
 Gulzat-88
укмуш сонун ыр,клип болуптур!озуда сонун ырдаптыр,+555555!эн сонун!!!!!!!!Ийгилик!
30.04.2013. 22:58
 dusha
Ущул ырдын созу сонун.Супер!
30.04.2013. 23:06
 aikoldar
Баланын мурду кантет
01.05.2013 00:30
Karamel
aikoldar, озундун мурдунду коргозсон биринчи)
30.04.2013. 23:59
 aziz.
мага жакты суперский клип суперский ыр болуптур
01.05.2013. 01:09
 Altysh_Boldush
Соонун ыр болуптур! Айпери Сыдыкова жакшы ырдайт! 2013 жылдын супер клиптердин бири болутур!!! Мана жакты, кайра кайра кордум! Ийгилик ден-соолук, узун омур калайм!!!!!!!!!!!!
Altysh_Boldush, Rahmat,siz dagy den-soolukta bolunuz.
01.05.2013. 01:34
 ayka982
Айпери чыгармачылыгын дагы да оркундосун эн сонун клип,ыр болуптур!!! Чыгармачылыгынды оркундот биз сени дайыма колдойбуз,алга,алга!!!
01.05.2013. 01:42
 sagyz
жакпады уну
01.05.2013. 02:52
 Baky1987
Аябай жакшы клип тартылыптыр,Айперишка сага ийгилик,мындан да эн супер клиптерди кутобуз,бар бол!!!
01.05.2013. 13:03
 Саби
Айпери ырлыран жакшы уккулуктуу.Ушунундан жазбай жакшы ырлардын ээси болуп журо бер,бирок мага сенин чач жасалган жаккан жок улуу корсотуп коет экен.Клип анча тушунуктуу болбой калган.
01.05.2013. 13:20
 alaika.kg
Эң сонун клип! Мага аябай жакты! Азаматсыз Айпери! Чыгармачылыгыңыз өркүндөп, ар дайым кыргыз элин жагымдуу ырларыңыз менен сугарып жүрө бериңиз! "Ыры жакпады, үнү жакпады, клиби жакпады" дегендерге көңүл бурбаңыз. Баардыгына жагуу эч убакта мүмкүн эмес, баардыгына жагуу үчүн акча болуп жаралыш керек. Так что, жүрөгүңүзгө жакын кабыл албаңыз.
alaika.kg, Ushul sozun jakty( Баардыгына жагуу эч убакта мүмкүн эмес, баардыгына жагуу үчүн акча болуп жаралыш керек.) ))))))
01.05.2013. 13:39
 Zairbek88
Жакшы! ыр мага жакты ийгилик сизге Айпери
01.05.2013. 14:15
 1994jika
Баардыгы Соонун экен ... !!! Ийгилик сизге Айпери эже))
1994jika, Rahmat,sizge da iygilik!
01.05.2013. 16:22
 Nuska587
Как всегда, соооонун ыр, сонун клип. Айперишка Супер!!!!
01.05.2013. 19:41
 ELIMA91
Сонун болуптур ыры мааниси дегеле жакты баары бирок клиптин манисине жакшы тушунбой калдым Айпери эже клип бойунча мумкун болсо маалымат берип койунузчу алдын ала рахмат. чыгармачылыгынызга ийгилик сизге!!!
ELIMA91, Жогоруда айтып отком,комменттердин арасынан караныз.
02.05.2013 16:27
Keshaa
Айпери Сыдыкова, ырын жакшы болуптур кыз бурактын кыздары не болот экен эми
01.05.2013. 20:36
 MaksatXXI
Оригиналдуу клип болуптур. Жакшы
01.05.2013. 21:56
 nazis
мен ыйлай турган ыр менин жашоомдон алынган сыяктуу
02.05.2013. 08:24
 erkele
Кыз бураксыз да талантын далилдеди азамат коздуу мончок жерде калбайт дейт ийгиликтер болсун,бул айым бир жылда бир ыр жаратып коет за то журокко жеткирет
02.05.2013 12:03
Zari_9292
жакты
02.05.2013. 11:58
 Zari_9292
ооо жакты
02.05.2013. 12:05
 nazis
ушул ырга клип тартылса мен барып тартылсам деп кыялданып журдум эле.мага кандай оор болгонун клип аркылуу жолдошума корсотуп коет элем. сценарийин да ойлонуп койгом.
02.05.2013. 15:15
 rayana86
sonun klip boluptur yrda sonun golosko soz jok! vse super!
02.05.2013. 16:30
 Keshaa
Ырын клип жакшы тартылыптыр бирок прическан озуно жарашпаптыр чон корсотуп коет экен. Чачынды узун кылсан болмок
02.05.2013. 16:31
 Keshaa
кайсыл жерде тартылган жакшы жерди тан
дапсын
Keshaa,Voroncovkada.
02.05.2013. 22:11
 Gulzat-88
чачы жакшынакайле жарашып турат.кайра Айпери озунун жашынан кыйла жаш корунот.а бул чач жасалгасы кайра жакшы жарашыптыр,улуу корсотпойле.
03.05.2013. 01:38
 Chopika
ыр дагы клип дагы жакшы чыгыптыр ийгилик!(озгочо мага макияжы жакты Айперинин)
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: