Айпери Сыдыкова "Махабатты барктайлы"
Жанр:Поп
00:03:37
51,78 Мб
Жүктөлгөн: 30-04-2013


Жүрөктөгү сүйүү отун муздаттың,
Жүзүң буруп жаркыныңдан узадың.
Өзгө менен сени көрүп чыдабай,
Өмүрүмдү кара булут каптады.

Кайырма:
Сени ойлосом ачык болот асманым,
Кыялданып бактылуудай карааным.
Кыянаттык кылганыңды эстесем,
Кыштын кыраан чилдесинде каламын.

Сыйлашалы, сезимимди чанбачы,
Сырдашалы, укмаксанга салбачы.
Иренжитип шылдыңдайсың, кыйнайсың,
Издеримди кетсем кайдан табасың?

Кайырма:

Кел, ардагым, бар сүйүүнү барктайлы,
Аз өмүрдө тирүүлүктү баалайлы.
Көз жумайын жүргөнүңө адашып,
Кел, таалайым, махабатка баралы.
  • Currently 4.47/5
(30 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (84)

30.04.2013. 17:20
 Jakusya
Кел ардагым бар суйууну барктайлы,
Аз омурдо тируулукту баалайлы...
Сонун ыр экен, Айпери эже голосунуз аябай жагат мага. Ийгилик сизге, жакшы клип болуптур.
J.Kekeeva, Терен ыраазычылык билдирем,сизге да ийгилик каалайм.
30.04.2013. 18:27
 shazi
Азаматсыз Айпери ырыңыз соонун экен, мааниси да жакты. Клипда мыкты тартылган. Ар дайым бийиктикьи багынтып жүрө бериң.
shazi, Чооон рахмат,убакыт болуп конул бурганызга.Ийгилик.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: