Куралбек Чокоев "Карай берем"
Жанр:Эстрада
00:04:59
60,82 Мб
Жүктөлгөн: 02-05-2013


Сөзү: Г. Момунованыкы
Обону:Жанышбек Кочкоровдуку

Сагынып сен келгенде, мен да келем,
Негедир уяң тартат менин денем.
Жалт карай албасам да жамалыңды,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем.
Карай берем, карай берем,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем.

Сени ойлоп отурганда ой да терең,
Телефон “шыңгыр” этсе жүрөк эзген.
Алтыным, сен экен деп ала койсом,
Аттиң, ай, ал адашкан адам экен.
Башка экен, бөлөк экен,
Аттиң, ай, ал адашкан адам экен.

Элестеп сени жүрөм кармай албай,
Эзилем кыялымда жетпес жандай.
Алдаса мейли мени түркүн кыял,
Бир гана келсең болду сен алдабай.

Кыялымда, жетпес жандай,
Бир гана келсең болду сен алдабай...
  • Currently 4.04/5
(23 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (46)

02.05.2013. 12:40
 Imran
Ыр жакшы экен,клиптин уландысын кутобуз
02.05.2013. 13:25
 ХАНЗАДА
Ктр менен 5 каналды прлаган клип экен го. Не в тему
02.05.2013. 15:45
 Heavy
Клиптин ортосуна чейин жанылыктар болуп кечке, уктап калдым... Бирок аягында киллер болуп чыкканы кызык экен. ))
02.05.2013. 18:29
 nurchik-92
оргиналдуу тартылган, уландысын кутобуз батыраак чыгаргыла.
02.05.2013. 18:47
 gujunpo
Бул Эмме деген клип?? Салянованы олтуруп аткандай го. Сапаты жонундо айта турган болсом, сапаты мыкты. Бирок кантип эле бекинип алып вспышкасы менен машинада отуруп алып суротко тартып атканда эчким байкабай калды? Вспышкасы жарк журк этип корунуш корунуш керек эле да прокурордун жансакчыларына. Анан да куноолонуп аткан жигиттин кулкусу келип аткады билинип калыптыр. Сапаты жакшы, бирок идеясы жаккан жок.
03.05.2013 07:54
Амир
Кундузу фотоаппараттын вспышкасы жанбайт. Туура сындап уйронсок жакшы болот.
02.05.2013. 19:12
 Real_Madrid
Ништяк болуптур! Ким жаман десе клипти, ошол адам озу жаман!
02.05.2013. 19:13
 Real_Madrid
просто 5
02.05.2013. 22:18
 timan86
Курал азамат ийгилик
02.05.2013. 22:21
 Abdivahap
кринимал килипко,кутобуз уландысын.
03.05.2013. 01:32
 LD9R
Супер клип, азаматсын Курал! Чындыгында клип мээнет менен тартылганы билинип турат, башкалардын болуп кочого тургузуп тартканга караганда, жанагынча ММК ларды суйлошуп тартыш оной эмес! Молодцы клипти тарткандар! 555555555555 Уландысын кутобуз.
05.05.2013 22:51
Ivan92.01
LD9R, жакшы аракетин бар "элдияр" жакшы тартыпсын бирок кадрлар зеригиштууу.
05.05.2013 23:09
aksana96
LD9R, клиптин идеясы жакшы бирок ырга жарашпай калган, качествосу да анча эмес экен.ийгилик
03.05.2013. 10:50
 shazi
Уландысын канча күтөт экенбиз а? Азамат Куралдын клиптери жакшы тартылат негизи...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: