Айжамал Кабылова "Бир өзүң бол"
03:58
7,25 Мб
Жүктөлгөн: 31-05-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Нуркан Койчуманованыкы
Обону:Алишер Мамадалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(36 добуш)
Бир өзүң бол даба болгон дартыма,
Бир өзүң бол тагдыр кошкон багыма.
Бир өзүң бол жашоодогу боёгум,
Жалгыздыкта жолдош болгон жаныма,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Бир өзүң бол турмуштагы жөлөгүм,
Бир өзүң бол менин тапкан дөөлөтүм.
Бир өзүң бол оргуштаган булагым,
Мүрөк болуп кандырчудай кумарым,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Комментарийлер (43)

31.05.2013. 19:55
 Jakusya
Айжамал эле как всегда озунун мукам уну менен мааниси терен ырды ырдаптыр. Рахмат, ырынызды угуп журсон озунду аябай бактылуу сезет экенсин!
Жанымдан артык суйомун сени...
31.05.2013. 20:54
 Nurik_UFC
ооба жакшы чыгарыптыр
01.06.2013. 00:25
 bekhaliev
jakty
01.06.2013. 15:18
 roy
Жанымдан артык суйомун сени ушул саптары ырды сонун кылыптыр
01.06.2013. 15:38
 gulmira.kg
музыкасыда сонун экен.жакты магада,азаматсыз!
01.06.2013. 18:39
 shazi
Сонун ыр экен, Айжамалдын таланттына таазим.
01.06.2013. 21:34
 nargizka.kg
Аааябай сонун ыр экен,талантынызга таазим
02.06.2013. 10:59
 Айпери Сыдыкова
Жанымдан артык сүйөмүн сени... Ushu jeri jakty daaaaaaaaaaaaaaa
02.06.2013. 11:00
 melkaya
Сонун ыр
02.06.2013. 16:49
 dikeii
супер!!! айжамал эже. жанымдан артык суйомун сизди:)
02.06.2013. 19:00
 Debi
ОООуууууу, чиркин ыр болуптур! Жолдошу мага ыр арнай элек бебатат эле, жанымдан артык сүйөмүн деп зор ырдаптыр! Угуп төбөсү көккө жетсе керек жолдошунун. Эми эптеген клип менен сонун ырды бузуп салбай, ырга жараша клип тартышса экен.
02.06.2013. 19:15
 Yu-piter
Баракелде Айжамал, талантыңа таазим. Кезектеги мукамдуу обондоруңдун мыктысы болуптур.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо