Тынчтыкбек Айылчиев "Экөөбүз эки жакта"
Жанр:Поп
00:03:52
95,89 Мб
Жүктөлгөн: 04-06-2013


Ак сүйүүдө канат байлап учкум келет,
Учкум келет тээ алыска сени издеп.
Жалдыраган көздөрүм жашын төгүп турат,
Жалгыз сен деп.
Карагаттай көздөрүңдү сагынамын,
Махабатка ак сүйүүгө багынамын.
Тоскоол кылган бизге, ал адамга таарынамын.

Кайырма:
Экөөбүз эки жакта, жолдор башка,
Бөлүп турган экөөбүздү ошол чакта,
Жалгыз адам эле тоскоол кылган сага, мага.

Алыстасың, карааныңды көрө албай,
Кыйналамын жан дүйнөмдү сүйүүң арбай.
Алсыраймын, жаным, бактым сага байлангандай.
Сүрөтүңө кадаламын көзүм канбай,
Күндөрдү эстеп басып жүрчү сени жандай,
Жалбыраксыз калдым жашым төгүп ыйлап,
Жалгыз талдай.

Кайырма:
Экөөбүз эки жакта, жолдор башка,
Бөлүп турган экөөбүздү ошол чакта,
Жалгыз адам эле тоскоол кылган сага, мага.

Бир өзүңдү, жаным, чындап сүйчү элем,
Жалыны жок муздак отко күйчү элем.
Алсырайм, жаным,
Үмүт үзбөй күтүп келем.

Кайырма:
  • Currently 4.06/5
(52 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (116)

04.06.2013. 13:21
 Jakusya
Кыз ролду жакшы аткарыптыр. Ырдын мааниси жакты).
05.06.2013 06:36
barcelona
ne poidet NEGATIV splownoy!
04.06.2013. 17:07
 Arti
Баланын кебетеси жаккан жок. Кичине кузгуго каранып алса болмок экен.Клип десе эле тартыла бербей. Шоу бизнесте жаныдан онуп-осуп чыгып келе жаткан ырчысы окшойт ээ.
27.09.2013 03:35
Iriska
Arti, ты же оценивать должен песню и клип в целом, правильно?! Или тебя лично просят оценить внешний вид певца?!!!
04.06.2013. 22:32
 sara90
stilist kerek eken bul jigitke...
04.06.2013. 23:28
 Jalbirak90
Молодец чем башкаларга караганда Жакшы ырдайт экенсин!!!
04.06.2013. 23:34
 nazikerbol
Уну жакшы экен,ырдын мазмууну да жакты.
05.06.2013. 10:59
 reelax
Коралбастыкты токтотсонор айланайындар,бироо жакшы иш жасап жатабы, хотя бы морально подержите!!! Эркеке сулуулуктун кереги деле жок, Сулуу-назик деген соз кыздага гана жарашат!
05.06.2013. 11:24
 dinka-osh
обббоооооооооооооо сындай берет экенсинерда кана айткылачы киминер ушул балага окшоп клип тарттынар? ыры жакшы клип деле сооонун чыккан!
05.06.2013. 11:49
 Evrika
Кызык, ушул эле ырды мисалы, Гулжигит Калыков же башка ырчы жигит ырдап чыкканда вауууууу, аябай соонун болуптур деп жатып калсак керек эле?!!! Ырчы деген соз озу эле айтып жаттпайбы, ырчыга биринчи орунда эмне керек-ун! Сындай берет десе, сындай бербей, биринчиден унуно конул буруп, андан кийин ырынын мазмуна конул буруп сындасак жакшы болмок! Калганы акырындап болот. Уну да, ыры да жакшынакай экен. Ийгилик!!!
05.06.2013. 12:07
 Toni.ow
Azamat Tynchtyk ushul Yryndy Kazaktar suranyp jatyptyr dep uktuk////myndan 4 jyl aldyn Kazaktardyn yryn kotorup yrdagan moodaga ailansa azyr teskerisinche Kyrgyzdardyn yrlaryn kotorup jatyshat bul biz uchun syimyk alga inichek
05.06.2013. 14:13
 aziz.
жакшы ыр болуптур бирок анча жеткирее ырдай албаптыр бирок аракети жакшы мурдагы ырлына салыштырмалуу жакшы ыр болуптур азамат алгаа
05.06.2013. 16:30
 Aydan
ushunday yrlardy yradbay ele koyushsa rahmat deyt elem!
05.06.2013. 19:49
 prezent
Ырда ,бийле клип тарт.Жалында,осо бер талантты тапта,жаман созду жан дуйного бакпа. Эл тараза!!!
06.06.2013. 00:13
 elif.bikech
сулуулук келбетте эмес журокто. Жакпайт келбетке асылган адамдар. Азаматсын жакшы ырдапсын ийгилик..
06.06.2013. 03:10
 turgunbek
Жакшы эн сонун талантын ташкындасын!!!!
06.06.2013. 03:18
 belosnejka1
Yilagym kelip ketti, myndai munduu klipterdi tartpagylachy, aylanayindar...
06.06.2013. 15:56
 dosbol
bolot norm 5 onoryn oso bersin
07.06.2013. 00:25
 Almaz-85
Бул жигиттин ырларын жактырып угамын жакшы ырдайт .
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: