Данияр Эрматов "Жүрөгүм"
Жанр:Поп
00:03:17
41,27 Мб
Жүктөлгөн: 04-06-2013


Сөзү:Нурмат Садыровдуку
Обону:Нуралы Атамкуловдуку

Кадалам мен сенин кара көзүңө,
Тандабас мени болсоң да.
Тартуулайм мен сенин гана өзүңө,
Сунулган гүлүм болсо да.
Жалындай жалындап,
Жылдыз нурун тартуулап,
Жараладың, жабыркадым, карындаш.
Үмүтүм тамчылап, сени күтөм ар убак,
Жүрөккө сүйүү бердиң тартуулап.

Кайырма:
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Ооруп калды жүрөгүм,
Ойлогон сайын жүдөймүн.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Эңсеп сени сүйөмүн,
Арналат сага жүрөгүм.

Ак куулардын арасынан тааныдым,
Жаныма келчи, жарыгым.
Ай тумарым, ак сүйүүнүн булагын,
Өзүмө бурчу сураарым.
Жалындай жалындап,
Жылдыз нурун тартуулап,
Жараладың, жабыркадым, карындаш.
Үмүтүм тамчылап, сени күтөм ар убак,
Жүрөккө сүйүү бердиң тартуулап.

Кайырма:
  • Currently 4.63/5
(52 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (104)

05.06.2013. 09:21
 admin_media
Ima12,
Ар бир колдонуучу эрежеге ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар, билдирүүңүз өчүрүлдү.
05.06.2013. 09:38
 advokatt1990
Молдес эй. Элде жок, даже анча-мынчалардын оюна келбеген клип тартыпсынар ))))
05.06.2013. 12:09
 Toni.ow
Azamat Daniar yryn jakshy5555 klipti da araket kylgansyn birok bashka4araaaaak tartsan sonun bolmok bele
05.06.2013. 12:40
 Айпери Сыдыкова
Menin balama jakty,kayra kayra korup atabyz.
05.06.2013. 13:59
 aziz.
ооо вообше сонун клип болуптур мм ойлоп койдум биздин режисерлорубуз деле "кинг конг"дой "Дорогая, я увеличил ребенка"дай фантастика кинолорду тарта алышат экен деп азамать ийгилик
05.06.2013. 16:16
 Jiza
Озунчо эле кинг-конг мырза го!
05.06.2013. 16:58
 venchik
Даниярдын клибин көрүп негедир плагиаттай сезиле берди. Анан сураштырып көрсөм, могу клипке аябай окшошуп кеттиби деймби?
http://www.super.kg/media/uservideo/63021/
05.06.2013 19:44
prezent
venchik, ушу бири бирин коро албайсынар да,бул клип болсо эмне болуптур биз да кыргыздар чыгаралы да.Кыргызстанда биринчи клип болуптур го.
09.06.2013 14:47
bosmos7
prezent, Кайсыл жери ??? Уят бул !
05.06.2013 22:39
Nurjigittt
venchik, таакыр окшобойтго!!!
10.06.2013 23:33
zeet
venchik, joook plagiat emesken voopsheee bashka4a eken sen emne kozun korboibu
05.06.2013. 17:18
 Aydan
даа точно таапсын Венчик!
05.06.2013. 23:09
 Guli.kg.90
Jakkan jok!
06.06.2013 00:59
ebe
Guli.kg.90, maga bolso jaktyyyy i jaga beret
06.06.2013. 12:44
 Jansu-94
Мага жакты айрыкча кызды колуна алган жери.Соонун тартылыптыр!
06.06.2013. 12:48
 kampotik-91
dan akouuuu menin daniyar baikemgo ushu ananayin talantynyzdan sizdin myn4a sooonun bolgon rahmaat sizge ushundai klip yr super bolgonuna azamatsyz koro albagan elder tuz jalasyn alga sizge iygilik sizdi syilaaaaim
06.06.2013. 16:33
 masterklas
бул клипта озгочо экен 5555
06.06.2013. 23:33
 Эрнист Сыдыков
azamatsyn dosum abdan jakshy idea klip boluptur
06.06.2013. 23:34
 devo4ka
dan4ik baikeee azamatsyz maga oollo jakty ushu idea kantip bashynyzga jetken baaryn tan kaltyryp
07.06.2013. 10:31
 Toni.ow
Клип сонун экен артта калбашка аракет кылабер ийгилик
07.06.2013. 11:15
 doni89
Эн соонун клип ырдын созуда музукасыда соннункен ийгилик сага Даняр))))))))))
07.06.2013. 11:27
 aiperi240692
мага жакты данияр аке сиз кайгылу ырларды емес ушундай шок шок ырларды ырдап журо берин сизгеда жарашат екен спелендеп тансага тушсонуз
08.06.2013. 14:55
 nota89
prosto originalno!!!!!idea otli4no pri dumano////Daniar ty seksualnyi paren!!!
09.06.2013. 14:41
 bosmos7
Болбойт!!! Кыргызстандын болгондо да !! Биздин борбордогу имараттарды аттап отуп!!! Зерикпей эле суротторго тартылбай арзан кылбай иштеш керек эле!!! Болбойт! Муну коргон уйгур же ж.б. ырчылар не кылып тасма тартат!Ушул тасмадан кийин! Манас Атанын эстелиги !! Кыргыздын байрагы!! Бул сыйлабастыкка жатат!Же ушул нерселерден да бийик коросунорбу Озунорду??? Ойлонуп коруп ! Бир чечимге келгиле!!!
09.06.2013 16:29
oozundu-jap
bosmos7, сен Кудайга ишенесинби же ошол имараттарынабы? жазганда бр ааз ойдонуп жазсанар, бул деген озгочо эч кимде жок клип болуп жатпайбы. ошентип тартылса эле ошондой болмок беле. ошол создорду имараттарды ортоп ичин тоногондорго айтсан жакшы болмок. Бул клип супер.
10.06.2013 02:12
bosmos7
oozundu-jap, Кыскасы арзан тасма экен!!Суроттор менен!Кыргызстандын абирине шек келе турган !Сен коп чычалабагыла ! Эптесенер тарткыла!!Муну Мага эле тарткан эмесинер!Эл журттка корсун !Сын пикир жаратсын деп! Колдон келсе Очуруп койгула !Кыргыздын ыйык имараттарын тепселебей!
27.10.2013 14:45
magic
bosmos7, sen takyr pesimist ekensin go ))) adamdin en negizgisi ichindegi niyeti... bawkasi jomok...
09.06.2013. 16:24
 bema-85
Супер молодец!!!!!
11.06.2013. 03:31
 jfj
ммммаааааааххххх лямочкасынангоооооооо
11.06.2013. 15:03
 NADUW
ыры жакпады! обону озбекче болуп калыптыр! клипби жакшы
12.06.2013. 15:52
 TolonturCN
анча-мынча жери чанып калбаганын айтпаганда фантазиясы керемет клип болуптур. азаматсыңар!
12.06.2013. 19:52
 Nurik1891
Жакщы Азаматсын!Жакшы клип болуптур!
12.06.2013. 21:26
 vanykyrgyz
корсо болот
13.06.2013. 14:03
 admin_superstan
oozundu-jap, kampotik-91, azamat_star74798, биринчиден, ар бир колдонуучу эрежени бузбай, өзүнүн оюн жазууга укуктуу. Экинчиден, жеке айтышууларга тыюу салынган.
Азырынча силерге эскертүү!Модератор admin_superstan түзөттү 13.06.2013 14:04
13.06.2013. 20:24
 erko77
Да жакты.бул ырды казак ырчысы Ерланга сунуштасам.туура.келди.Данияр менен суйлошуп.жакында бул ырдын.Журегим деген вариантын угасыздар.
16.06.2013. 11:46
 Nurik1891
Бул ыр эч кандай озбектерден которулбаган,билбей эле жаза бербегиле да,обону менен аранжировкасы лично меники.
16.06.2013 13:48
masterklas
Nurik1891, эн жакшы жазыпсыз байке канча кундо жазгансыз? Бул ыр менен ооруп журом!
16.06.2013 19:19
Nurik1891
masterklas, Илхам келгенде тез эле жазылган
16.06.2013. 13:02
 Sagy
Клип аябай кызыктуу болуптур! Азаматтар!
16.06.2013. 16:54
 Samat.A.A
Канат Кадыржандын эмгеги эмес, бул Даниярдын озунун эмгеги Кадыржан мн иштешбей койгонуна 5,6ай болдуго дейм...азаматсын Данчик))
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: