Алтынай Нарбаева "Кат жазчы мага"
Жанр:Эстрада
00:04:20
55,34 Мб
Жүктөлгөн: 05-07-2013


Сөзү:Фатима Абдалованыкы
Обону:Шамшыбек Өтөбаевдики

Кат жазчы мага,
Бир келген биздин өмүрдө.
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө.
Мен күлсөм, күлүп,
Кайгырсам, кошо кайгырган.
Мен өчпөй, өчпөс,
Бир жарык жылдыз жөнүндө.

Кайырма:
Кат жазчы мага,
Билдирип аман барыңды,
Адамдар курчап, агылган жолдо жалгызмын.
Ак желек тагып,
Ар күнү сагынч жөнөткөн,
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?

Кат жазчы мага,
Недендир абдан кусамын.
Канча жыл өттү,
А сенден дарек укпадым.
Канча бир түндөр,
Кабарың бербей койду деп
Таарынып жатып,
Сагынып жатып, уктадым.

Кайырма:
Кат жазчы мага,
Жолукпа, бирок билүүлүк.
Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч.
Катыңды жыттап,
“Жарк” этип жайнап алармын,
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.

Кат жазчы мага,
Кусадар күндөн ал сурап,
Кут болуп катың, жанымда жүрсүн ар убак.
Жообумду жазам,
Жөнөтчү дагы жаңы кат,
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Кат жазчы мага
  • Currently 3.94/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (38)

05.07.2013. 19:15
 DooZzyWooZzy
Мда... Азыр СМС деген нерсе бар=)) А то клип современный болуп,кат жазганы СССР болуп калыптыр)))
05.07.2013 20:07
JumaB
DooZzyWooZzy, туура айтасын, СССР болуп калыптыр деп. Бул ыр ошол СССРдин убагында чыккан. Бул ырды Алтынай эжедей жогорку денгелде ваары эле ырдай албайт.
09.07.2013 06:22
peach
DooZzyWooZzy, sms ketpegen bawka olkogo e-mail jazyvatpaisby,owonu dele aytty da)))
05.07.2013. 19:38
 bosmos7
Жакшы тартылыптыр! Балким Эже мурунку заманды чагылдырайын дегендир! Азыркы заманда болсо Оруссияга иштегени кеткен болуш керек эле!Негизинен жакшы!
05.07.2013 20:03
JumaB
bosmos7, ким Оруссияга кетти?
05.07.2013. 20:03
 tokmok1
жакшы ыр
05.07.2013. 22:05
 Akberdiev
Ушул эжекебизди сыйлайм чындыгында уну бар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: