Өктөм Сапар уулу, Айганыш Абдиева "Жалгызымсың"
Жанр:Поп
00:03:56
46,34 Мб
Жүктөлгөн: 19-07-2013


Сөзү:А.Алымовдуку
Обону:Өктөм Сапар уулунуку

Маңдайыма сени жазган,
Ушул тагдыр буюрган.
Күлсөң күлкүң алтын-күмүш,
Ак жүзүңдөн куюлган.
Каректериң сыйкыр беле?
Кетпейт оюмдан.

Алмаштырбай бирге өттүм ушул жолумдан,
Түбөлүккө ажырашпай, кармайм колуңдан.

Кайырма:
Жалгызымсың менин ар дайым,
Жарым болуп мага кал дайым.
Жан дүйнөмдө жанып жашайсың,
Жыргалымсың ар дайым.
Жалгызсырап сенден калбайын,
Жамалыңдан сүйүп танбаймын.
Жылдызымсың күйүп асманда,
Жазда сүйүүм бар дайым.

Түбөлүккө сен деп жашайм,
Турмуш жолун улантам.
Көңүлүңдү көтөрөмүн,
Күлсөң, күлүп кубантам.
Жаратканым, айырбагын,
Сенден суранам!

Өкүнбөймүн, өзгөрүлбөйм – ушул убадам,
Өзүң менен өтсө өмүр, чексиз кубанам.

Кайырма:
  • Currently 4.00/5
(27 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

19.07.2013. 20:19
 azamat1k
байкасанар 9унчу секундада айганыш дегенди айгныш деп жазып алышыптыр.
19.07.2013 23:55
gooool
azamat1k, Байкадык адашканго...
19.07.2013. 20:55
 Maks_90
Жакшы клип болуптур жана клиптеги Эрнис менен Кымбаттын бактылуу жаштардан болушун каалайм кармашкан колунар ажырабасын.
19.07.2013. 21:43
 begusia
о кудай,биз да ушуларга окшоп бактыбызды табайлы...
19.07.2013. 23:04
 elaman93
abdan soonun boluptur5555+
20.07.2013. 00:53
 aijanajana_7
baktyluu bolgula baw kowkon eki jaw,.
20.07.2013. 02:52
 Arina_kg
Аябай сонун чыгыптыр клип! Ырга соз жок, уккан сайын уккун келет го! Кутуп журдум эле ушул ырды. Ушул ыр менен ооруп жатам.
20.07.2013. 02:52
 adiku
Бактылуу болгула Эрнист Сыдыков менен Кымбат!!!
20.07.2013. 04:10
 booru.1991
Элдин арасына таш ыргытсан кимге тиет? Албетте ырчынын башына тиет. Анткени абдан коб. Маданият министирлиги ушул ырчылык жана бизнез шоу демократиясына чектоо киргизсе болмок. Аа клип азыркы чыгып жаткан клиптердин мыктысын толуктайт. Бул менин жеке пикирим. Бирок биз тажадык мындай снарыйдеги клиптерден, бизге жаны идея жана башкача заманбап клиптерди коргубуз келет.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: