Асель Кадырбекова "Кеттиң башкага"
03:09
4,32 Мб
Жүктөлгөн: 14-08-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Айпери Сыдыкованыкы
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 3.83/5
(30 добуш)
Кош бол эми көрүп бүттүм анык жүзүңдү,
Коргойм эми кор кылдырбайм алсыз сүйүүмдү.
Отко салдым сүрөтүңдү ыйлап ызамдан.
Оор болсо да унутамын жаным өзүңдү.

Кайырма:
Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба,
Каректерим кургап калган,
Көңүл калган, бүттү актанба,
Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп,
Кеттиң башкага.

Күнү-түнү сени ойлоп, сенсиз кыйналдым,
Күйүтүмдү ичке салып азапта калдым.
Ыйлабайм деп сооротомун алдап өзүмдү,
Жалган айтып булгап алдың тунук сүйүүмдү.

Кайырма:
Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба,
Каректерим кургап калган,
Көңүл калган, бүттү актанба,
Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп,
Кеттиң башкага.

Комментарийлер (44)

14.08.2013. 14:34
 Jakusya
Жалган айтып булгап алдың, тунук сүйүүмдү...
Эми кайгырбайм, кайрылбайм, сагынбайм....
Асель браво! Молодец! Сонун ыр экен... Акыркы кездерде Айпери эже коп ырлардын созун жазып жатканын байкадым)))
14.08.2013. 15:23
 periwtem
Кош бол эми коруп буттум анык жузунду
Коргойм эми кор кылдырбайм алсыз суйуумду.
абдан сонун ыр экен .Ишинизге ийгилик Асель .
14.08.2013. 15:50
 dikeii
jakwy sonun yr eken, ozu Nurlan Nasiptin obondoru jakwy.
14.08.2013. 18:43
 ana222
мага аябай жакты прям баары козалдымда тартылып турду
14.08.2013. 23:27
 Айпери Сыдыкова
Асель,ушул ыр менен баардык кайгы,капаларын кетсин.Бактылуу бол.
02.09.2013 20:09
mairam170792
Айпери Сыдыкова, талантынызга таазим!Аселге да чооон ыраазычылык!азаматсынар
14.08.2013. 23:46
 Zemlyanin
Уну аябай ширин экен. Угуп ыйлагым келди. Азаматсын!
15.08.2013. 00:32
 fanatka19
уну сонун да.ырды жеткире ырдагансын азамат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо