Кубик Калыков, Айпери Кубик кызы "Насаат ыры"
Жанр:Эстрада
00:03:59
41,88 Мб
Жүктөлгөн: 29-08-2013


Жакшына болсоң жашыңдан,
Жакшылык кетпейт башыңдан.
Жактырган сенин жүрөгүң,
Жарың бир кетпейт кашыңдан.
Сүйкүмдүү болсоң жашыңдан,
Сулуулук кетпейт башыңдан.
Сүрөттөй сени тиктеген,
Сүйгөнүң кетпейт кашыңдан.
Эстүү кыз болсоң жашыңдан,
Эрке кыз болбо башыңдан.
Энекең айткан сөздөрдү,
Эсиңе туткун абыдан.

Жайында сууну бойлосом,
Жайнаган гүлдөй чоңойсом.
Жактырып мага сөз айткан,
Жакшына жарга тең болсом.
Сары-Өзөн, Чүйдү бойлосом,
Саймалуу таштай чоңойсом.
Санаага мени салбагын,
Сагынган жарга тең болсом.
Эркетай болгон,ии,ий, кезимде,
Энекем айткан кичимде.
Эсиң бир менен бол деген,
Эстүү бир сөзү эсимде.
Ыймандуу болсоң башыңдан,
Береке кетпейт башыңдан.
Ынтымак болсо үйүңдө,
Ырыскы качпайт башыңдан.
Ийкемдүү болсоң жашыңдан,
Ийгилик кетпейт башыңдан.
Ийнелек болгон жигиттер,
Иилинип кетпейт кашыңдан.
Кыйын кыз болсо жашыңдан,
Кайсар кыз болбо башыңдан.
Карап бир койсо атакең,
Кабагын байка абыдан.

Ыссык-Көл суусун бойлосом,
Ырыстуу болуп чоңойсом.
Ырылдап күндө урушпай,
Ыймандуу жарга тең болсом.
Ичке бир сууну бойлосом,
Эки элүү болуп чоңойсом
Ичкилип ичип мас болбой,
Ичпеген жарга тең болсом.
Кызгалдай,ии, ий, кезимде,
Кайтарган атам кичимде.
Караңгы түндө жүрбө деп,
Кайталап айткан эсимде.

Билимдүү болсоң жашыңдан,
Бийиктик кетпейт башыңдан.
Биримдик дайым болсо деп,
Бир тууган кетпейт кашыңдан.
Акылдуу болсоң жашыңдан,
Акылчач кетпейт башыңдан.
Ар- намыс үчүн күрөшкөн,
Ата-эне кетпейт кашыдан.
Сулуу кыз болсоң жашыңдан,
Улууну сыйла башыңдан.
Сиз деген сөздү унутпай,
Сылык бол кызым баарынан.

Балкыган сууну бойлосом,
Бактылуу болуп чоңойсом.
Баркыңды билип сыйлаган,
Бар болгон жарга тең болсом.
Аккан бир сууну бойлосом.
Ай болуп күндө чоңойсом,
Ата-энемди сыйлаган,
Акылдуу жарга тең болсом.
Кыргыздын күүсүн ойносом,
Кымызын ичип чоңойсом
Кызындай көрүп сыйлаган
Кайын бир журтка туш болсом

Ырчы кыз болсоң жашыңдан
Ырчыны сыйла башынан
Ырдаган жерде дайыма,
Ыймадуу болгун баарынан
  • Currently 4.25/5
(28 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (64)

29.08.2013. 15:13
 asel.kg1995
Кубикке кыргыз кийими абдан жарашат экен. Айпери кыргыздын келишкен кызы болуптур! Молодцы!!!
30.08.2013 03:30
rosh
asel.kg1995,
сага дагы жарашат кийип көрсөң
29.08.2013. 15:16
 ayss
Айпери красивая милашка, так выросла. Удачи тебе, ты такая нежная.
29.08.2013. 15:26
 gooool
Айпери сулуу экенсин!!!
29.08.2013. 15:27
 zman53
Кыз-жигиттердин баары ушундай кийинип журсо кандай сонун болот го, чиркин..., Кубик молодец! Абдан жакшы ыр!
29.08.2013. 16:00
 mosk
Азаматсынар,ото жакшы,уккулуктуу,мазмундуу ыр экен. Айпери кыргыздын эн сулуу кыздарынан болуптур,жоолук жакшына жарашыптыр жана кыргызча кийингендерида сонун.
29.08.2013. 16:07
 nurbek_posol
Соонун клип болуптур, ыр дагы уккулуктуу, насаат айтылган. Жакшы, чыгармачылык ийгилик каалайбыз !
29.08.2013. 16:53
 nazika5
азаматсын айпери сулуулугаунда кеп жок эч жасалмасы жок жонокой кыз экен бул да болсо кубик байкенин берген жакшы тарбиясы жубайлар деген кинодо ушунчалык берилип жакшы аткарыптыр млодец
29.08.2013. 17:11
 Almaz81
азаматсынар ото жакшы болуптур ийгилик силерге
29.08.2013. 17:42
 Gulzhan
Супер.
29.08.2013. 17:53
 sarushka
Жакшы болуптур. Жөнөкөй, жагымдуу, "кыргыз жыттанган" чыгарма...
29.08.2013. 18:03
 nurperishka05
аябай сонун
29.08.2013. 18:09
 kokokola
кантип компко кочуруп алса болот екен? сонун ыр болуптур!
29.08.2013 18:11
admin_media
kokokola,
Саламатсызбы! Оң жакта турган "Көчүрүү" деген сөздү бассаңыз кочүрүлөт.
03.09.2013 00:50
kuba.kg
admin_media, mp3 болсо жуктоп койсонуздар жакшы болмок
03.09.2013 09:05
admin_media
kuba.kg,
Саламатсызбы! Ырдын аудиосу биздин порталда бар)
http://www.super.kg/media/audio/79159/
29.08.2013. 18:34
 nazi.kg
жакшы ырдапсынар
29.08.2013. 19:18
 sneg88
жакшы ыр болуптур Кудайым Айперини озу ырдагандай жакшы уйбулого туш кылсын
29.08.2013. 19:44
 Aitowka2013
да мага ырдын мааниси жана кубик байке менен айперинин формалары жана клип жакты мен коптон бери мындай супер клип коро элек болчуум бирок азаматыз кубик байке)))))))))))
29.08.2013. 20:53
 periwtem
Чыныгы кыргыздарды корсотушуптур. Ишиниздерге ийгилик.
29.08.2013. 22:01
 bosmos7
Зор! Ырга тасма жакшы тартылыптыр! Кыргыз кыз ушундай болсо! Тарбиялык мааниси чон тасма жаралыптыр! Жаратылыш каада салт,акыл насаат, ыр сулуулук биригип!Мыкты тасма болуптур! Ишинздерге ийгиликтер!
29.08.2013. 22:13
 olokon39
Айпери жакшынакай болуп чонойуптур
29.08.2013. 23:19
 azile8691
жакшы жазылыптыр ыр айпери жоолук жакшы жарашат экен
ийгилик
29.08.2013. 23:58
 INDIRA_89
ыр сонун.Айпериге жоолук сонун жарашыптыр............
29.08.2013. 23:59
 Samara94
Аябай сонун болуптур жакты.)
30.08.2013. 01:28
 Bekmirza
Эн мыкты
30.08.2013. 03:14
 meineblume
wauuu..soz jok=) soonun boluptur, men kaira kaira ugup jyrgap Atam=)..yrdyn maanisin ayabai teren boluptur..soonun. IIgilik jumuhsunarga jana den sooluk bersin kudai silerge da!!!
Aiperige chyn ele jooluk soonun jarashyptyr,ozu suluu
30.08.2013. 03:16
 zenfira
Эн мыкта жакшы ырдаптыр Айпери сага жолук жарашат экен ойлойм эн мыкты келин болосун анткени тарбияны мыкты бергенго Кубик байке. сиздерге чыгармачылык ийгилик каалаймын !
30.08.2013. 13:09
 aziza.jusupova
En mykty yrda klipda ayabay sonun.
30.08.2013. 14:14
 gooool
Комментарийлердин баары жакшы деп жазылып жатат,чын эле жакшы ырбы,же жакшы ырдашканбы,мумкун кыргыздын кийимин,кыргызчалатып тарканы жаккандыр баарына,мага болсо Айпери жакты....))))
30.08.2013. 15:25
 Narynbek
Абдан сонун клип болуптур!Айпери үкү топу кийсе туура болмок.Улуттук кийимдер абдан сонун жарашыптыр.Азаматсыңар ийгилик силерге!
30.08.2013. 16:12
 Vishnya-87
Aiperi ty nawa krasavitsa.
30.08.2013. 16:17
 Мэри
Жакшы экен, бирок Айпери чын эле үкү топу кийсе болмок, ырда турмушка чыга элек кыз жонундо соз болуп жатат, а Айпери келинге окшоп калыптыр... Калганы ордунда...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: