КЕҢЕШ тобу "Аярым"
03:55
7,17 Мб
Жүктөлгөн: 05-09-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Ташкент кызы Гүл
Обону:Мүзүр Мамбетов
Көчүрүү
  • Currently 4.54/5
(35 добуш)
Кара мончок каректериң карагат,
Караганың жүрөгүмдү жаралап.
Кайырчыдай жалдырады ак сүйүүм,
Кагып эшик бир өзүңө сагалап.

Кага албай махабатым канатын,
Кайра тапты жүрөгүмдүн жараатын.
Башка менен кол кармашып бактылуу,
Неге мени көзгө илбей бараттың?

Кайырма:
Ай, аярым, өзүңдү аядым,
Жалгандан алсырап аядым.
Ай, аярым, сүйүүңдү танбаймын,
А бирок өзүңдү аядым.

Кайгы беле махабаттын белеги?
Кыйналамын таппай анын себебин.
Кагып канат уччу жерге жетпесе,
Айтчы анда куштун барбы кереги?

Алоолонгон ак сүйүүмдү арнадым,
Алыс кагып аны кабыл албадың.
Башка нерсе айта албайм, түшүнгүн,
Бактылуу бол, менин сага каалаарым.

Кайырма:

Комментарийлер (49)

05.09.2013. 12:15
 Mirbek.83
Азаматсынар чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!Ар дайым жакшы ырларды кутуп келем!
05.09.2013. 12:17
 Mirbek.83
Нурлан Тилебаевтин Даринамай деген ырын жуктобой жатасынарго супер инфо.
05.09.2013. 12:40
 kyyazbek
супер
05.09.2013. 15:24
 mosk
Азаматсынар Кенеш тобу сонун ыр болуптур.
05.09.2013. 15:49
 Maks1409
молодцы!!!!!!!!!!!
05.09.2013. 16:12
 kg-bala87
жакшы ыр болуптур ийгилик!!!
05.09.2013. 18:08
 inoplanetyanin
sonun yr sonun, es alasyn da es alasyn! KENESH #1
05.09.2013. 19:17
 Medet86
Анча деле мес,бирок ийгилик Кенеш тобу.
05.09.2013. 19:29
 chuvaak22
Негизи эле Кенеш тобу маанилуу ырдайт, ырлары жагат орто-орто
05.09.2013. 22:57
 ysmanali
Кичине тезиреек ырдаганда мынданда соонун болмок!
06.09.2013. 03:21
 adiletaltynbek
жакшы ырдапсынар,молодцы!
06.09.2013. 10:31
 ХАНЗАДА
Булардын ырында созсуз,"карагат, кызылгат, гул, ай, ой" деген создор кездешпесе баштары ооруйт окшойт. Анан Музур аябай аракет кылат экен, аялы кайырмасында коштоп кыйкыра бергени жакпайт да, уну жок аны озу деле моюнга алса болмок эми.
06.09.2013 10:35
Aitowka2013
ХАНЗАДА, эгер ошончолук ырдай алсан сен музур байке менен ырдап чык ал жерде олтуруп жаза бербей коро албастыкты токтотолучу болду достор
04.01.2014 20:03
zilish_kg
ХАНЗАДА, ар кимдин табити ар кандай болот эмеспи , булардыкы ушундай окшойт да табият менен таттуу мамиле сыяктуу, анан да о вкусах не спорят деп коёт эмеспи ... элдин журогунон тунок тапты го деерлик баардык ырлары...
06.09.2013. 14:21
 Marionetka
Кайырмасын эле созо берет да Гулмира апчем)))
06.09.2013. 16:51
 aziza.jusupova
Jakwy yr eken.Klipta jakwy 4ygyptyr.Azamatsynar iygilik.
06.09.2013. 20:35
 Bekish-kg
аялынын уну зорда
06.09.2013. 21:08
 kyraaky
жакшы мэээнет кылып жатышат бир эле ырдын артында талыкпаган эмгек жатат ким азыр ыр жаздырып клип тартып жатыптыр темболее кенеш тобунун аудиториясы кундон кунго кобойуп баратат алга ийгилик ии баса ыр жонундо бир эки ооз соз ак жамгыр кызыл розалар сирень гулу деген ырга жетпептир
06.09.2013. 22:06
 simpotichnaya-tina
соооооонун ыр)) молодцы)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо