Нурлан Насип "Жаным, сага мен канткенде жагамын?"
03:15
7,43 Мб
Жүктөлгөн: 17-09-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Нурлан Насип, Илгиз Абдалиевдики
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.29/5
(65 добуш)
Күлөсүң, күлөсүң, тоготпой жүрөсүң,
Ансайын байланып мен сени сүйөмүн.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кызганам, кызганам, өзүңдү башкадан,
Кыйнабай түшүнчү сезимди, суранам,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Кайырма:
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Артыңдан калбадым, көңүлүң бурбадың,
Гүлүмдү сунсам мен, кол сунуп албадың.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Издетип өзүңдү жүргөндү сүйөсүң,
Жолуксак капыстан назданып күлөсүң.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Кайырма:
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Жанаша бассам мени теңсинбей,
Көтөрдүң боюң мага ченебей.
Сүйүүмдү айтсам койдуң кенебей,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Комментарийлер (76)

17.09.2013. 19:24
 t-max_kg
жакшы ыр болуптур молодец
20.09.2013 15:39
jalgyzdyk
t-max_kg, Айткаааанмын сонун ыр болот деп)))
17.09.2013. 20:36
 dikeii
оо жакшы, жакшы, мага олло жакты. азаматсын нурлан красавчиксин да
17.09.2013. 20:41
 Nurik_UFC
мыкты ыр, соз жок +5 онорун оркундой берсин
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо