Нурлан Насип "Менин да сүйүүм ушундай"
Жанр:Поп
00:03:19
46,7 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2013


Сөзү:К.Качкынбаева, Н.Насиптики
Обону:Н.Насиптики

Музыкам сен болдуң,
Муз эрип жүрөктөгү.
Муңумду таратып,
Жылмайып күлөт пери.
Эңсетип өзүңдү,
Эмне эле күн өтпөдү?
Ээлигип жай бербей,
Жүрөгүм сүйөт сени.

Кайырма:
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап
Бакыттын кушун учурбай.

Көздөрүң балбылдап
Көңүлдүн шам чырагы.
Көзүңдүн жарыгын
Башкалар мендей туябы?
Күлгөнүң шыңгырап,
Туптунук тоо булагы.
Күмүштөй күлкүңдү
Бөлөктөр мендей угабы?

Кайырма:
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап,
Бакыттын кушун учурбай.
  • Currently 4.20/5
(46 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (108)

20.09.2013. 23:00
 kampotik-91
ne o4en (((
20.09.2013. 23:16
 admin_media
Baichechekei2011,
Саламатсызбы! Жакшы эле көчүрүлүп жатат, башка браузерден көчүрүп көрүңүз. Интернетиңиздин ылдамдыгынан да көз каранды. Катачылык дагы кайталанса купуяма кат жазып койсоңуз. Рахмат!
20.09.2013. 23:53
 erkele
Сонун ырды начар клип бузуп койгон да аттин!
20.09.2013. 23:58
 Juliakalt
Мага дагы жакты! Молодец !
21.09.2013. 00:02
 nurizka..
жакшы тартылыптыр!
21.09.2013. 00:07
 anjella888
ыр жакшы! Нурлан озун жакшынакай эле жигитсин! клипке жакшынакай эле кыз тартсан боло,кебетеси кантет жеп алчудай болуп! кыз ууужжааас!!!
21.09.2013 15:03
nazimka
anjella888, уфф кандай гана ичи таардык?Бир жакшына эле кыз экен,уйундо кузгу барбы деги?Ушундайынарды койсонор ай.
21.09.2013 16:08
anjella888
nazimka, Баардык адам оз оюн айтууга болот,бетке айтыш керек.Канчалык сулуу жылдыздуу кыздарды тартсак биздин клиптер онолот да,же сен ошол кыз окшойсун менини оюма жармашып алдын,Эгер ошо кыз болсон жакшыраак прическа жазап анан жакшы клиптерге ролду карап анан тартыл демекчимин,Кыргызстанга барсам сизге жоолугам
25.09.2013 16:26
jalgyzdyk
anjella888, эээээээээй стоп стоп нормальный кыз супрасулууу жакында башка клиптен да коросунор
21.09.2013. 01:44
 mery.89
Оиий буткон ишке сынчы коп дейт беле.???алга жана алга.
21.09.2013. 02:02
 Эрнист Сыдыков
azamatsynar iwinerge iygilik jakwy boluptur. Elaman mn Kanat jakwy iwteptir)
21.09.2013. 02:32
 Altysh_Boldush
Жакшы ырды. Клип бузуп коюптур да.... жалко. Нечего пойдет
21.09.2013. 03:25
 zenfira
супер жакшы
21.09.2013. 05:39
 erkele
эрнист сыдыков шылдындап коюптур го!)
21.09.2013 11:31
devo4ka
erkele, izvini men ernist emesmin sen elaman akbaev ekensingoooo))).men kyzmyn a erkek emes.
23.09.2013 04:39
erkele
devo4ka, сага ким суйлоп атат!
21.09.2013. 06:31
 LD9R
Пойдет! Молодец Нурлан! Песня ШИК!
21.09.2013. 08:51
 Rinatik94
Ыр кандай сонун э? Ушул ыр башкача клипке татыктуу эле да.
23.09.2013 08:58
jalgyzdyk
Rinatik94, Нурлан акенин бул клипке канча эмгек жумшаганын коруп туруп, канча кун бул клипти ойлонуп чуркап жургонун коруп эмгегин баалабай коюуга болбойт. Баракелде)))
28.09.2013 09:39
Rinatik94
jalgyzdyk, Албетте,бирого клип жагат,башкасын жакпайт да.
21.09.2013. 11:13
 flicka94_kg_kyz
Чынында эле клип бул ырды бузуп койгондой...
21.09.2013. 11:24
 Keldibekk
Нурлан иним биз мусулман болгондон кийин клипке жарым жаланач кылып тарткан болбойтта.
21.09.2013. 12:01
 TolonturCN
Клип AE программасында жасалган экен, алдыгы жарым жылаңач кыздын эч эле маанайы жоктой сезилди, өнөр сахнасындагы кыргыздын таланттуу кыз уландарынан "Gangnam Style" сыяк дүйнөлүк шедеврге айланткыдай ыр жаратсаңар сонун болот эле.
21.09.2013. 13:07
 sexy_sexy
Сонун ырды сапатсыз клип менен буламык кылып коюпсун!

Андан коро клип татпай эле койсон болмок :(

Сенден биздин умутубуз чон! Ийгилик сага.
21.09.2013. 13:23
 Guzi_8989
Эн сонун эле клип болуптур,озгочо. )))) азамат Нурлан дагы да жакшы клиптерди тарта бер. Чыгармачылыгына ийгилик
21.09.2013. 13:26
 burka
erkele_ Ernis baike shyldyndabai ele ozunun jeke oyun jazyptyr goo adamdardy urushturgandy jakshy korot okshoisun ee
21.09.2013. 14:40
 Guli.kg.90
Super...
21.09.2013. 14:55
 baish_kps
100% Videohive Envatoнун проектери менен иштептир Эламан Акбаев Уят ваше VFX
21.09.2013. 15:28
 bema-85
Эн сонун супер!!!
21.09.2013. 16:14
 bekboo
аарзан клип:)обонуна соз жок азамат!!!
21.09.2013. 16:46
 KAREGLAZAYA_VOLCHICA
Катардагы ыр ,катардагы клип. Эртен эле унутулат.
21.09.2013. 17:12
 omurbek9393
Жакшы...
21.09.2013. 17:13
 ainura220888
ырга соз жок унун да укулуктуу бирок айталбайм деген ырындагы клиптей эле бул клипда маанисиз Нурлан он сапатсыз клиптен коро бир сапатуу клип ойдо турат.
21.09.2013. 19:27
 Uulkan_Erke
horoshiy klip)))i devushka prosto krasavic'a)))
21.09.2013. 20:19
 Imran
Супер эн жакшы алга Нурлан!!!
21.09.2013 23:20
sexy_sexy
Imran, каери супер
22.09.2013. 01:45
 azile8691
жакшы ийгилик сага
22.09.2013. 03:59
 jiku_83
ыр жакты бирок клип жакпады
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: