Акбар Сүйүнбаев "Мезгил"
Жанр:Поп
00:03:39
46,25 Мб
Жүктөлгөн: 04-10-2013


Сөзү: Б.Сарногоевдики
Кырчындай кымбат чак калып,
Кыйлага бардык жаш-кары.
Кундуздай кара чачымдан,
Күмүш кыл турат баш багып.

Баш бакса мейли, баш баксын,
Чачымдын баарын ак бассын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Селкилер менен жашташмын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Жигиттер менен жашташмын.

Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыппыз бекер отуздан.
"Агатай, кайра кайрыл" деп,
Аркамдан чуркайт отуз жаш.

Салтанат күүсүн көп угам,
Заманам шайыр деп угам.
Кырчындай кыздар турганда
Кырк жашка чыгып не кылам?
Кырчындай кыздар турганда
Элүүгө чыгып не кылам?

Карылык деген кашаң ат,
Карытат эми жакалап.
Карысак шашпай карыйлы,
Картайбайт, бирок махабат.

Кездешер биздин кесилиш,
Коё тур келбей, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Келбей тур, келбе, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Коё тур, келбе, жетимиш.
  • Currently 4.31/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (39)

05.10.2013. 00:48
 Juliakalt
Мазмуну аябай жакты! Уну дагы сонун! Акбарга Ийгилик жана ийгилик!
05.10.2013. 01:18
 Puwkin
Mykty, abdan jakwy. katuu iwteptir. alga!
05.10.2013. 03:33
 nazimka
Зор экен,жакты.
05.10.2013. 11:30
 rayaa
Эн сонун ыр болуптур, Акбар байке курсактуу чон киши болуп калган экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: