Сөзү : Жылдызбек Ниязов
Обону : Нураддин
Бакытка балкып, жүздөрү жаркып
Эки жаш баш кошту бүгүн
Кубанып жүздөр, шаңданып үндөр
Тосушуп махабат күнүн
Ата-эне келсин, батасын берсин
Бакытын тилеп жаштардын
Келген коноктор, кубанып бирге
Бийлейли тойдо баарыбыз
Кайырма:
Ак жол каалайбыз, турмушка жаңы кадам койгон жаштарга
Түбөлүк бирге, болушсун дайым, бакыт гүлүн ачканга
Келинди жандап, сезимди арнап
Жигит турат кубанып
Достору бирге кошулуп бийде
Шаң күлкү ырга уланып
Ата-эне келсин, батасын берсин
Бакытын тилеп жаштардын
Келген коноктор, кубанып бирге
Бийлейли тойдо баарыбыз