Гүлжигит Сатыбеков "Көз жаш"
05:00
4,58 Мб
Жүктөлгөн: 11-12-2009
Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.17/5
(23 добуш)
Кат жаздым жан адамга окутпадым,
Болду эми жүрөгүмдү оорутпагын.
Сүйүүдөн көңүл калды, сенден дагы,
Кайрадан күлүмсүрөп жолукпагын.

Кайырма:
Сага да, махабатка таарынамын,
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын.
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп,
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың.

Мен сага алданыпмын, алданыпмын,
Бал ширин сөздөрүңө арбалыпмын.
Ыйык деп махабатты, сени дагы,
Ишенип бир өзүңө байланыпмын.

Кайырма:
Сага да, махабатка таарынамын,
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын.
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп,
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың.

Көңүлсүз күндөр өттү, күндөр өттү,
Жүрөктө сага деген сезим өчтү.
Кирпикке жашыра албай тамчыларым,
Каректер жамгыр сымал жашын төктү

Комментарийлер (33)

11.12.2009. 15:22
 Tokmok
Syimyk.B tyn uchinigi go deim, oshondoi napraleniede yrdait eken. Je Syimykdy kumir tutat, oshondoi yrchy bolsom dep,tilep jurup, boldugo :) Iyigilk!
11.12.2009. 21:46
 Шаиста Шатманова
Маанай чогуп турганда уга тырган ыр экен. Гулжигитке ушундай ырлар негедир жакшы жарашат.
12.12.2009. 03:30
 Elboto
Super ...
Ayabay soonuun irr eken =)))
Iygilik =)))
13.12.2009. 02:41
 kyrs
Жигиттин Гулу Гулжигиттин бардык ырлары мага жагат. Молодец бул жигит Сыймыктан отсо отот бирок калбайт, озун озу кумир тутат, жаш али баары астыда. Бекке уну окшошуп кетет, келечекте Бектин ордун баса турган жигит ушул. Аксынын кулуну.
22.02.2014 23:27
nurik838383
kyrs туура... бирок менимче гулжигиттин денгеели бектен ашса ашат кем калышпайт келечекте, ырлары мааниси тексти аябай жакшы,
13.12.2009. 02:46
 akmat
отстой эмес эле сонун болуп турат
13.12.2009. 04:55
 akmat
Ынак эркек
14.12.2009. 11:58
 jaz
kanday gana sonyn yr kechee kyndon bashtap ele ygyp jatam tajabadym yny da sonyn eken.
16.12.2009. 01:55
 jaz
Jyroktogy esky sezimderdyn baaryn kozgogon yr eken...Menyn birinchyjana akyrky syiyym bolgon Melis bayke da yshyl yrdy ygyp jatat boldy beken....Melis(bayke) byzdyn syiyybyz ychyn 1kilim da azdyk kilsa kerek.Aradan ybakyt otkon sayin jyrok alsyz...
22.12.2009. 18:51
 Bais
Бул ырды кантип кочуробуз.
24.12.2009. 19:35
 Барби
сезимдерди козгогон ыр болуптур. ырдын мааниси да жакшы жазылыптыр.Ийгилик.
25.02.2010. 14:17
 ulukbek
азаматсын !!!
15.03.2010. 20:34
 LIVER
Азаматсын жакшы ырдаптыр бул ыр кечээ кыргызстан обондорунан биринчи орунга чыкты го..... Талбай эмгектене бер Гулжигит мырза!!!
27.06.2010. 01:45
 azalove
Ушу менен ооруватам. Тимеле сонун жазылган, угуп эле отура бергим келет. Бирок ага жана махабатка таарынбайлемин. :)
26.01.2011. 18:20
 Sui
Задевает все струны души, и уносить в воспоминания. Слушаю почти год, и каждый раз как будто слышу впервые, все те же ощущения.
05.11.2011. 16:59
 Urikg
Байкебиз чынында эле таланттуу киши. ийгилик сизге.
12.09.2012. 08:54
 Mirzhan
Eh, Mahabat, kanchalagan jurokko dart berip, kanchalagan yr saptaryn jarattyn!!! Gulzhigit, chon rahmat! En sonun yr jana obon!!!
14.10.2012. 16:02
 Aika-isu
Чыны менен сонун ыр менин тагдырыма окшош ошон учун угуп ыйлап алам
19.12.2012. 02:48
 soke69
Азаматсын! Жакшы ырларды жарата бер. Ийгиликтерди каалаймын!!!
26.04.2013. 17:37
 kusi
Азаматсын!!! айталбаган журогундогу бугунду ушул ыр менен чыгырып аласын!
22.02.2014. 23:28
 nurik838383
гулжигит кайгылуу ырлардын королу десек болот кыргызстанда
06.04.2014. 22:11
 kama_future_millioner
Супер ыр Азаматсыз Гулжигит байке талантынызгаа таазим
22.05.2014. 09:37
 kalbek87
мен учун жазылгандай да
02.12.2014. 02:58
 aziko88
Мен ушул больницада жатканда угуп эле ыйлай берчумун.керемет ыр.
05.05.2015. 11:34
 nuraiko
сонун ыр молодец Гулжигит
03.11.2016. 22:13
 adi_ko.kg
Алга
04.11.2016. 19:04
 guli010789
Бир тамчы коз жашыма арзыбыдын!Соонун ыр!
17.02.2017. 06:18
 Sabyr_Baymatov
Ишиңизге ийгилик
27.12.2017. 02:37
 Rashidbek
Админ Мен сенден кетейинчи деген чыгармасын аккардеон версиясын жүктөп койгулачы
20.05.2018. 07:05
 rysik79
Олбойт бул ыры Гукенин
22.05.2018. 12:09
 Jar-Bashy98
Соонун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо