02:18
4,19 Мб
Жүктөлгөн: 15-10-2013
Жанр: Ретро
Көчүрүү
Таласка барчу бел менен,
Тамаша курчу эл менен.
Токомдун ошол сүйүүсү
Тең келчү Ысык-Көл менен.
Ала-Тоо таңы аткандай,
Алымкан эле акмаңдай.
Акындын ошол сүйүүсү,
Соолубай Наарын аккандай.
Турса да тоолор сурданып,
Толукшуп ай да нурданып.
Токтогул сүйгөн Алымкан,
Тоолордо калды ырдалып.
Комментарийлер (0)