Руслан Абылов "Сүйүү азабы"
04:02
3,69 Мб
Жүктөлгөн: 16-10-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Алтынбек Алымовдуку
Обону:Рамис Алиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.31/5
(13 добуш)
Жан дүнөмдү ойготуп тынчтык бербедиң
Жалгыз өтүп күндөрүм аны билбедиң
Күттүм карап жолуңду, бирок келбедиң
Санааларга чөмүлүп ойго батамын
Сагынычка бөлөнүп ойгоо жатамын
Сыздап жүрөк ооруду, түйшүк тартып капамын

Кайырма:
Эсимден такыр кетпедиң кай жакка кеттиң,
Эзилдим эрким жетпеди дармандан кеттим.
Айтылбай ак сүйүү дарты азабын чектим
Алоолоп от болуп жанып арманда кеттим.

Көңүлүмдү оорутуп кабар албадың,
Жан дүйнөмдөн мени алдадың
Кеткен ошол жолуңду өзүң тандадың
Кош бол эми түбөлүк жолдон адашпа
Тагдыр ушул а, бирок мени унутпа
Жазган менин бактыма жалганга сен жолукпа

Кайырма:

Комментарийлер (4)

21.10.2013. 17:34
 naaazka
jakwy yr eken azamatsyn
21.10.2013. 18:31
 SatiNur
ыр жакшы мааниси музыкасы баланын уну дагы топ келген ырга, аткаруучу бир аз кучтуу темп менен ырдаганда мындан дагы жакшы болмок
22.10.2013. 16:59
 roma88
Жакшы зор олгонда!
23.10.2013. 23:27
 minara
Жакшы молочик братишка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо