Добр "Кыргыз кызы"
03:58
3,65 Мб
Жүктөлгөн: 18-12-2009
Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.70/5
(10 добуш)
Теңелгис жүздөн бири, ичинде жок кири,
Бал сымал таттуу ширин ар бир сөзүнүн бири.
Чагылган күндүн нуру чырайы жүзү сулуу,
Карагат көздөрүн жуумп ,ыймандуу Кудай кулу.
Тандаган тура жолун келечегине умтулган,
Акылы, эси жогору, чырайлуу жүздүү созулган.
Баарына бирдей мамиле жакшы-жаманын чанбаган,
Элине ыйман тилеген, ата-энесин сыйлаган.
Сыйынып Кудай деген жүрөгү менен ишенген,
Сыйы, урматы кенен улууну сиз деген.
Улуунун сөзүн уккан кичүүгө насаат берген,
Колун бетине жумган, бата алууну билген.
Баарына шүгүр караган, ач көзщдүгү жок адам,
Боорукерлигин аябаган, кечирим сурай алган.
Келбетиндей жүрөгү сулуу, ыймандуу кыздардан,
Бул кыз кырк чачы улуу кыздары кыргыздардын.

Кайырма:
Ыймандуу кыз, улуту кыргыз,
Ыйык жүзүнөн өчпөсүн жылдыз.
Мээримдүү кыз, улуту кыргыз,
Чырай жүзүнөн кетпесин жылдыз.

Жаратылыштын Кудай берген өзүнүн жүзү,
Жарашкан жүзүн булгабайт боёксуз чырай жүздүү.
Чаң жугузбайт өзүнө таза калпы жок сөзүндө,
Ыймандуулугу төрүнөн көрүнүп турат көзүнөн.
Жалкоолугу жок адам талыкпай эмгектенген,
Ата-энесинен алган тарбиясына бекем.
Мына эми азыр ар бир жигиттин оюнда,
Ыймандуу, таза кызга үйлөнгүм келет жолукса.
Кыргыздын кызы бузулбайт, каалабайм бузулушун,
Жаман жолго азгырылбайт ишенем бекем турушун.
Кармаган намысы бекем намыстуу билем ишенем,
Жаман нерседен чекеде тамеки чегип ичпеген.
Кудайым өзү колдосун чырайлуу кыргыз кыздарын,
Бузулгандары оңолсун, шайтандан алыстаткын.
Ичине ыйман кирип, акылы жогоруласын,
Кыргыз кызынын ар бири биз үчүн кымбат азыр.

Комментарийлер (33)

20.12.2009. 05:07
 chingiz
yrga 5+ degen baa berem, Dobr Alga!
ugaar zamat komputerge juktodum...
20.12.2009. 07:38
 Demon
Uktunarbi KIRGIZ KIZDARI Dobr aytkanday bolushunar kerek... Bul irdan bizdin duynodo tendeshi jok kirgiz kizdaribiz ozdoruno tiesheluu sabakti alishsa kerek... KIRGIZ BALDARDIN tilegi da ushu negizinen... Bardik jigitterdin atinan KIRGIZ KIZDARGA kayriluu jasaganin uchun saga rahmat DOBR...
22.12.2009. 10:35
 Латыш
Айдин Шер жакшы ырдаптыр
23.12.2009. 12:56
 newman
+
25.12.2009. 02:09
 AliZaMo
Вообще супер !!!!! + Респект
25.12.2009. 21:54
 Кыргызкритик
Как всегда патриотично. Так держать!
01.01.2010. 13:56
 mafiakg
Кыздарга чон тарбия бере турган ыр экен
Добр алга !!!
27.01.2010. 18:47
 Flowergirl
Добрдын эн жакшы ырларынан десем жанылышпайм мага ото жакты Айдин Шердинда уну ото жакшы тура келиптир ушул ырга
29.01.2010. 11:51
 Rown
мааниси го бар.. "дежурный" создорду колдонбой эле койсон болмок Добр. Ырына караганда кайырмасын эле озунчо ыр кылып чыгарып койсон хит болмок. Азыр деле кеч эмес. Ырлардын баары эле Кыргыздын кыздары бузулган деп чыга баштагына тан калып атам. Татасы дагы, Добры дагы, жакында дагы бироо чыгат Кыргыздын кыздары бузулуп атат деп!! Тушуном, бул тема абдан маанилуу, бирок ырга кошсон бир эки кош, бирок кайра кайра эле ырдай берген болбойт да элге жагат экен деп. Кийинки ырларына конул буруп уккулу
29.01.2010. 11:55
 Rown
ктуу создордон кобурок кошосун деп ойлойм. Жон эле суйлой бербей, бир аз "ритмдуу" ырдасан болот эле..
Айтмакчы. Клип тартканда, торт тараптуу ойлонуп анан тарткылачы.
Кайырмасын ким ырдаган? Ошол бала жакшы ырчы болот окшойт.
29.01.2010. 13:56
 Rown
Singa, мен бул жерде ырдын сапатын сындаган жокмун (ал озунчо кеп, аны да ондош керек), ырлардын жазылган маанисине конул буруп атам кобуроок. Коп ырчылардын аракетин корбой атам. Аракет кылсан берекет дейт эмеспи, жыйынтыгы чыкмак жакшынакай эле ыр болуп.
30.01.2010. 14:13
 deer
en sonun maga jakti!!!Aydin wer ekenin bilbegen ekem.al da jakwi irdaptir.
31.01.2010. 16:38
 minara
Kyrgyz кыздарын мактап жана алар менен сыймыктанып ырдаптыр , мага ыры абдан жакты !
02.02.2010. 03:11
 Elgiza
Klass !!! supa! Alga!
06.03.2010. 17:19
 minara
+++ Сонун !!!
30.03.2010. 19:55
 Акматов
Кыргызымдын кыздарына эч ким жетпейт!
01.06.2010. 18:01
 Rahatik
Надо было вот эту песню прокрутить на радио станциях ! Она только на пиратсве и на областных радио станций ! А кто её слушал советую грамотная песенька !
22.07.2010. 12:58
 Meilin
pesnya prosto na BIS...mojno bez konca slushat...pust budet po bolshe takih pesen...UDA4I Dobr
29.07.2010. 01:07
 OdiNokaYa
Ушул ырды уксам кадимкидей эс алам...
07.10.2010. 17:05
 aijanasan
Сонун ыр Алияга жагат.
15.11.2010. 15:59
 Otkurbek
Жакшы ыр экен
15.11.2010. 16:03
 Otkurbek
Москвада Кыргыз экендигин унутуп жургон кыздар ушул ырды укса жакшы болот эле.
14.01.2011. 20:43
 zarinchik
Не стоить обобщать,я тоже в Москве нахожусь,Кудайга Шугур баары жакшы,это от воспитания зависит в первую очередь!а песня классная!!Молодец Добр!согласна с тем что нужно крутить во всех радио станциях...
30.01.2011. 01:57
 supeeri
Ооо сонун ыр мага да жагат,биз кыргыз кыздарды мактаган эркектерибиз да бар экен эээ!!!!!!!!
30.01.2011. 02:00
 supeeri
Азамат Добр талантык оркундой берсин!Сени жакшы коруп урматап калучу Кызжибек!
23.06.2011. 03:41
 Prarok
Attin ai kyrgyz kyzy uwul yrdai Maanilu tunuk suudai taza bolso ganna. Surany4 Kyzdary bir az bolso da uwul yrdan ulgu algyla4y
04.07.2011. 19:50
 Ruzanna
молодец ты супер
12.09.2011. 09:33
 Bakkyt
Алла раазы болсун!!!
21.09.2011. 23:22
 uLiUs
abdan jak6y yr boluptuur! alyp kelgile za4etkanardy 5ten koyup berein!;)
07.12.2016. 12:38
 tattygul.97
Класс
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо