Клара Алибекова "Балалык"
03:56
7,2 Мб
Жүктөлгөн: 24-10-2013
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(4 добуш)
Биз бой жетип туш-тарапка тарадык,
Жолугууну эми гана самадык.
Бирге жүргөн курбуларым, келгиле
Сырдашалы, таңдар атсын агарып.

Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн,
Арген назик үнүңөн, балалык.

Эстейличи окуучулук күндөрдү,
Бирге ойноп шайыр жүргөн күндөрдү.
Өттү эми канча жылдар арадан,
Курбуларым мен силерди сагындым.

Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн,
Арген назик үнүңөн, балалык.

Сүрөттөрдө калды элес балалык,
Эңсеп жүрөм бир көрүүнү кайрылып.
Уктап кетсем жолугамын силерге,
Кадимкидей мектептеги каткырык.

Биз бой жетип туш-тарапка тарадык,
Жолугууну эми гана самадык.
Бирге жүргөн курбуларым, келгиле,
Сырдашалы, таңдар атсын агарып.

Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн.
Арген назик үнүңөн, балалык.

Эстейличи окуучулук күндөрдү,
Бирге ойноп шайыр жүргөн күндөрдү.
Өттү эми канча жылдар арадан,
Курбуларым, мен силерди сагындым.

Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн,
Арген назик үнүңөн, балалык.

Комментарийлер (4)

02.11.2013. 20:19
 belosnejka1
Клара Алибекова ийгилик!
16.01.2014. 02:59
 akisha777
маладец клара алга жана алга!!!!!!!
26.05.2014. 22:05
 patma.mahmud-kyzy
Мен бул ырды издеп журом Сайкалдын ыры деп Сайкалдын ырларынын катарынан. Корсо Клара Албекованын ыры го
02.01.2015. 14:09
 etaj_rus79
обонун жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо