Клара Алибекова "Ойлончу"
03:31
6,42 Мб
Жүктөлгөн: 25-10-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай,
Жүрө албаймын күндө сени сагынбай.
Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,
Мелтиреген Ысык-Көлдүн таңындай.

Көзүң укмуш ак чыныда карагат,
Көп караба жүрөгүмдү жаралап.
Көөнүң болсо бир белгиңди түшүндүр,
Киши жалдап сүйө албаймын паралап.

Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың,
Кантип сенин кыялыңды табамын?
Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да,
Ээрчип жүргөн көлөкөңдөй санадың.

Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай,
Кылгырбачы, койчу мени карабай.
Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи,
Куса болдум, сагынганым тарабай.
Үн жок, сөз жок томсоросуң турасың,
Ыйлап-ыйлап улутунган баладай.

Комментарийлер (7)

12.12.2013. 11:52
 sale-81
уну абдан еле мыкты.. азыр дагы еле ырдап журсо азыркы байкуш ырчы кыздарыбыз жок еле болмок..Клара кайра кайрылып келишине ишенем
20.01.2014. 00:48
 Mariyana
уну кереметкоо
22.01.2014. 22:13
 Anqelina2
Сонун ырдаган, уну да сонун.
22.01.2014. 22:20
 Anqelina2
Урматту Супер-Инфо Кларанын башка да ырлары коп го м: Айбек Карымовдун ырларын ырдаган го, жана да Бала чагым отту кетти деген ырын, Телефон, ж.б. Эгер мумкун болсо ошол ырларын да киргизип койсонуздар болобу? Сураныч.
23.01.2014 14:28
admin_media
Anqelina2,
Саламатсызбы! Сиз сураган ырлары азырынча аткаруучунун өздүк архивинде да жок болуп жатканын кабарлады. Жаңы варианттарын жаздырса порталга жүктөйбүз.
Комментарийлерди жашыруу
24.01.2014 04:17
Anqelina2
admin_media, Хорошо. Рахмат сиздерге!
15.03.2018. 09:37
 Shumkar.2018
Комуз менен ырдаганы болсо жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо