МАКСАТ- БАТКЕН тобу "Жок, жок"
04:58
4,54 Мб
Жүктөлгөн: 14-11-2013
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Сүйөм жаным деп, сен мени алдап,
Ак сүйүүмдү жерге таштадың.
Мага билдирбей ашыкча тандап,
Кучагына кирдиң башканын.

Сезбей алданып, мен жүргөнүмдү,
Бул жашоодо катуу жаңылып.
Арнайм башкага мен жүрөгүмдү,
Эми сага барбайм жалынып.

Кайырма:
Жок, жок, жок сенин керегиң жок мага
Жолумдан тосуп кечирим сураба
Жашоодо кыйналсаң да, жаш төгүп ыйласаң да
Эми ишене албайм мен сага.

Жүрөк жибитип сен күлүп койсоң,
Көрүнчүсүң жанган жылдыздай.
Эгер мурда сен ак гүлүм болсоң,
Азыр калдың бейтааныш кыздай

Сүйөм жаным деп сен мени алдап
Ак сүйүүмдү жерге таштадың
Мага билдирбей ашыкча тандап,
Кучагына кирдиң башканын

Кайырма:

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо