Гүлнур Сатылганова "Сага"
03:21
4,6 Мб
Жүктөлгөн: 19-11-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(6 добуш)
Жашоодон бакыт издеп турган кезим,
Дем берет, үмүт берет айткан сөзүң.
Канымда калып калат кайрык болуп,
"Кандай?" деп кабарымды алган кебиң.

Кайырма:
Дүйнөмдүн көркү сенсиң, шаңы сенсиң,
Ырымдын ырдап турган жаны сенсиң.
Түн көккө жылдызым деп кадап алар
Ботодой көздөрүңдүн ар ирмеми.

Ааламдын сан жетпеген шамалында,
Сагынткан бир жытың бар жамалыңда.
Арманым болбос эле ошол бойдон,
Ал жытың калып калса ырларымда.

Кайырма:

Сенсиз күн токтогонсуйт, мезгил жылбай,
Кыялга чөмүлсөм да жүрөк сыздайт.
Кусалык каптаганда аргасыздан,
Жан эркең махабаттын ырын ырдайт.

Кайырма:

Комментарийлер (12)

19.11.2013. 23:32
 Alisher
En jakshi maaniluu ir eken....
19.11.2013. 23:46
 Elaman.kg
Гулнур эже сизди жактырам
20.11.2013. 00:40
 BemKa777
Ырларыныз мааниси жактан жеткиликтуу жана голосунуз уккулуктуу, адамга жагымдуу.. Чыгармачылык ийгилик..
20.11.2013. 10:28
 rnurzida
Бардык ырларындай эле бул ыры да супер. Таланттуу жан го эжекебиз. Ар бир обонду журокко жеткире ырдайт
20.11.2013. 10:56
 nurizka..
жакшы ыр болуптур талантынызга таазим!
20.11.2013. 10:59
 azile8691
чыгармачылык ийгилик сизге
жакшы ыр экен
бар болунуз
20.11.2013. 16:33
 talantbeck
Gulnur ejeni jaktyrbash uchun,abdan chon araket kylysh kerek !
21.11.2013. 10:53
 abdunur.kg
жакшы ыр екен сизди суйомго ийгилик сизге
17.05.2014. 21:32
 kantoro
Дүйнөмдүн көркү сенсиң, шаңы сенсиң,
Ырымдын ырдап турган жаны сенсиң.
Түн көккө жылдызым деп кадап алар
Ботодой көздөрүңдүн ар ирмемин.

Анатай Өмүркановдун "Сага" деген ырынын саптарынан. Бираз башкача экен сөздөрү.
28.05.2014. 12:06
 aitghul
сооонун.

12.07.2014. 12:51
 Ayimgul
Эн мыкты ун, мукамдуу обон жана жеткиликтуу чыгарма
24.03.2016. 15:41
 A_l_i_b_e_k
Гүлнүр эже, Браво!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо