Самара Каримова "Жаңы жылды тосолу"
03:19
3,04 Мб
Жүктөлгөн: 22-11-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Т.Кожомбердиевдики
Обону: С.Жумалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.42/5
(12 добуш)
Жүрөк эргип кагылып,
Санат жеткис жаңылык.
Кирип келет аздан соң,
Жаңы жылым жаңырып.
Жаңы бакыт агылып,
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы жылдын өзүнчө
Айтып бүткүс шаңы бар,
Айтып бүткүс жагы бар
Биз да добуш кошолу
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели.
Соо жүрөлү дешели.
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу.

Комментарийлер (6)

23.12.2013. 19:39
 Sagyn63
admin_media ушул ырды Шахра Талипова ырдаганын жуктоп коёсонуздар
17.02.2014. 20:16
 Davlet1994
Жакшы ырдаптыр
25.12.2014. 13:10
 Kurmanbek_9009
С. Жумалиевдин обондору негедир кулакка жагымдуу.
22.11.2015. 16:58
 argenais
жаны жыл жонундо ырлардын минусун кайдан тапсам болот???
08.04.2017. 23:23
 Krai
Самара ушул ырды сонун ырдаптыр
22.12.2017. 19:55
 Totyua.71.
минусовкасын каяктан алсак болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо