Самара Каримова "Издейм сени"
04:27
5,08 Мб
Жүктөлгөн: 27-11-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү: Ж.Мамытовдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.

Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.

Комментарийлер (4)

02.12.2013. 18:54
 Мэри
Үнү жакшы экен. Азыр жаш ырчылардын дээрлик баары эстрадага ыктап кетишкен го. Бул ырчынын жөн гана
аккордеон менен ырдаганы жакты, болгондо да ушундай татаал ырды. Демек, талантына ишенет, таланты бар, ал эч фонограммасыз эле ырдай алат деп түшүндүм.
28.12.2014. 15:45
 kalys.aman
Саламатсыздарбы супер кг ырлардан кадайча кочуруп алсам болот айткылачы рахмат
29.12.2014 09:38
admin_media
kalys.aman,
Саламатсызбы! Оң жакта турган "Көчүрүү" деген сөздү басыңыз.
29.12.2014. 10:56
 kalys.aman
Кочурууну бассам болбой жатат.Веб-страница недоступна деп атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо