Замир Арыкбаев "Шириним"
03:15
5,95 Мб
Жүктөлгөн: 03-12-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Кылыгың кыргыздын күүлөрүндөй,
Көркөмүң боёктун түрлөрүңдөй,
Жүзүңдөн чачырап ар бир нуруң,
Жайкалган жайлоонун гүлдөрүндөй.

Кайырма:
Шириним, шириним, таттуум менин,
Бал-шекер бардыгы айткан кебиң.
Жароокер жайдарым, жакшым менин,
Жадырап ала жүр жайдын демин,
Жаным менин.

Жылмайып мээримдүү караганың,
Маралдын көздөрүн ирмешиндей.
Жашоомду гүлдөтүп, кооздодуң да,
Шырдактын оймосу-чиймесиндей.

Кайырма:

Ашыктык сүйүүнүн желегиндей,
Жан дүйнөм махабат белегиндей.
Өзүңө арнаган сезимдерим,
Сыр каткан деңиздин тереңиндей.

Кайырма:


Комментарийлер (6)

23.04.2014. 12:05
 kalbek87
замирдин "кыргыз калкым" деген ырын тез киргизип койгулачы сураныч! тезирееек!
23.04.2014 12:49
admin_media
kalbek87,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/useraudio/117559/ шилтеме менен кириңиз.
24.02.2015. 02:06
 lunalikaya91
Urmattuu admin.atakem degen yryn kirgizip koigula4y
24.02.2015 09:25
admin_media
lunalikaya91,саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/136391
24.06.2016. 09:58
 buduz-80
Салам! Акмаржан деген ырын кантип тапса болот
24.06.2016 18:26
admin_media
buduz-80,
Саламатсызбы! Жакынкы убакта жүктөп койгонго аракет кылабыз, сунушуңузга рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо