Гүлнур Сатылганова "Күн махабаты"
04:56
4,51 Мб
Жүктөлгөн: 06-12-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Кайта, кайта обон ырым сага коштолгон,
Ой-сезим толкуп от болгон.
Көңүлдү түздөп жүрүп, өмүрдөгү күнүм издеп жүрүп,
Жарыгыңа келип токтолгон.
Кубанычым куштай сабалап,
Кут жылдызды аралап.
Жаралган бир аз күндүк өмүрдө
Жаныңа жаным аманат.

Кайырма:
Дүйнө жашарат,
Бар үчүн махабат,
Карачы бактыма калдым батпай.
Ушул тагдырыма,
Ырахмат баарына,
Ырыскы буйруган жалгыздатпай.

Мага, мага алып бербе айды, ардагым,
Асылын сөздүн арнагын.
Узаба күн алыска, оюңдамын кайгы-кубанычта,
Жолуңдамын кайда барбагын.
Жүрөктөгү сырлар айтылат,
Күбө болуп ай турат,
Жакшылыкты тиленип ушунча,
Жашоого кумар артылат.

Кайырма:
Дүйнө жашарат,
Бар үчүн махабат,
Карачы бактыма калдым батпай.
Ушул тагдырыма,
Ырахмат баарына,
Ырыскы буйруган жалгыздатпай.

Комментарийлер (5)

07.12.2013. 02:32
 samirchik
оой Гульнур эжеге эми соз жок да...
09.12.2013. 14:38
 vika12345
Гульнур эже молодец!!!
17.01.2014. 15:17
 nurbek_posol
Оууу.. менин суйуктуу ырым. Студент кезде Кыргызстан Обондорунан угуп эле жыргап калчумун. Ийгилик эже!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо