Жеңишбек Айтиев "Мурат менен Зымырат"
03:15
2,98 Мб
Жүктөлгөн: 11-12-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(5 добуш)
Мурат менен Зымырат экөө коңшу турушат,
Бала кезден чогуу өсүп, экөө бирге окушат.
Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат,
"Азыр эрте, кой" дешип ата-энелер урушат.

Мезгил учат зымырап,
Мурат менен Зымырат
Мектеп окуп, аяктап,
Бой жетилип калышат.

Окуу жайга жогорку алар бирге барышат,
Бүтүп келип беш жылда чогуу иштеп калышат.
Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат,
"Үйлөнгүлө, болду" деп ата-энелер урушат.

Мезгил учат зымырап,
Мурат менен Зымырат
30 жаштан ашса да,
Үйлөнүүгө шашылбайт.

Көп иштешет, тынышпайт, эл кылганды кылышат.
Көр оокат деп жүрүшүп, элүү жашка чыгышат.
Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат,
Туугандары "болду" деп, үйлөндүрүп салышат.

Мезгил учат зымырап,
Мурат менен Зымырат
Алтымыштан ашканда
Бир балалуу болушат.

Өмүр учат зымырап,
Улам бизди карытат.
Бойдок болуп карыбай,
Үйлөнөлү батыраак.

Комментарийлер (6)

12.12.2013. 01:36
 ysmanali
Соонун
16.12.2013. 11:58
 Мэри
Бул ыр бек байкеники да, тамашалуу жакшы ыр...Элдин эсине салып койгонуна рахмат...
27.04.2014. 15:45
 dastan_nookat
Саламатсыздарбы! Бек Борбиев озунун аткарганын жуктоп бериниздерчи отуном!
30.04.2014 13:21
admin_superstan
dastan_nookat, Саламатсызбы!
Аткаруучу менен байланышып ырды алганга аракет кылабыз.
Комментарийлерди жашыруу
29.07.2014 13:09
AzamatKG
admin_superstan, мүмкүнчүлүк болсо текстинда кошуп коёсуңарбы?
31.07.2014 17:22
admin_superstan
AzamatKG, текст жазылды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо