Мерген Турган "Сүйөм сени"
04:11
3,82 Мб
Жүктөлгөн: 16-12-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Сени сүйөм жакшы көрөм баарынан,
Баарынан да күлгөнүңдү сагынам.
Сени мага, мени сага кошпогон,
Айла канча мен тагдырга таарынам.

Кайырма:
Сүйөм сени сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат
Эгер сенин ак сүйүүң чын болсо,
Жүрөр элем көкүрөккө кучактап.

Сени сүйүп бактым бар деп ойлогом,
Сени сүйүп түбөлүкко болжогом.
Ошол менин ишке ашпаган ак сүйүүм,
Журөгүмдү ойлор басты болбогон.

Кайырма:

Бактылуу бол мен колумду тартайын,
Арманымды мен башкага айтайын.
Сүйгөн сайын мен канчалык берилип,
Сен алыстап баратасың ансайын.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

13.06.2014. 09:08
 chika-chika88
саламатсыздарбы Супер Инфо, Мерген Тургандын 30жаш деген ырын жуктоп койунуздарчы сураныч.
13.06.2014 10:10
admin_superstan
chika-chika88, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо