Ильяз Андаш "Коштошуу"
04:11
5,75 Мб
Жүктөлгөн: 17-12-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Нурлан Эсенгуловдуку
Обону:Нурлан Эсенгуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.94/5
(18 добуш)
Акыркы жолу мен сага барам,
Акыркы жолу сүйөм деп айтам.
Канчалык сени сүйүп турсам да,
Кайрылып кайра, бара албайм сага.

Акыркы жолу гүлүмдү сунам,
Акыркы жолу саамайың сылайм.
Бактылуу бол деп колуң булгалап,
Каларсың жаным менден алыстап.

Кайырма:
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен

Ыйлаба жаным өзүңдү кыйнап,
Ыйлаба жаным жүрөгүм сыздайт.
Жалгыз сүрөтүң калат сакталып,
Көргөндө аны жүрөмүн ыйлап.

Кайырма:


Комментарийлер (38)

17.12.2013. 20:17
 begusia
Азыркы суйуунун чыны кем.
Азыркы жашоонун маанызы кем.
Азыркы жаштардын акылы кем.
Ата-энени сыйлаган кем.
Бактылуу Адам кем.
Кыргызтанда жаштар кем.
А бирок кыргызтанды сагындым мен.
17.12.2013 23:32
akiw
жакшы ыр экен оуууууууууууу
17.12.2013. 20:22
 wwwwalmaz
кимдин ыры эле унутуп жатам эски ыр болчу
17.12.2013. 23:47
 jigitaly
Жакшы ырдаптыр
18.12.2013. 02:35
 nurkaKg90
Мыкты ырдаптыр мага жакты
18.12.2013. 13:21
 karona12
Бул эски ыр жакшы ырдай албаптыр.
18.12.2013. 16:39
 batya.kg
эски ыры барбы кайдан тапсам болот
18.12.2013. 17:41
 Jenish_kg1
ispolnenie pesni monera Mirbeka Atabekova.Ilyaz andash i Erlan andash. jany yrdap jurgonunordo taptakyr bashka4a yrda4uusunar.
18.12.2013. 18:52
 timan86
Кара жолтой деген ыр барбы super.kg де ??? Супер инфо
18.12.2013. 20:40
 altywka65
мага ескиси кобуроок жагат
18.12.2013 23:01
supeeri
altywka65, Мага дагы эски ыры жагат болчу.
19.12.2013. 00:17
 jankou95
башка бироонун аткаруусунда соонун болчу, иляз жаман аткарып коюптурМодератор admin_media түзөттү 19.12.2013 09:31
19.12.2013. 05:41
 AzamatKG
Админ! Башка бала ырдайт го ушул ырды?. Ошол версиясын таап бересиздерби...
19.12.2013 12:28
admin_media
AzamatKG,
Саламатсызбы! Мурда бул ырды автору гана кечелерде ырдап калбаса башка эч ким ырдаган эмес жана бул ырды Ильяз Андаш өзү кичине кезинде ырдап жүргөндүгүн кабарлады.
Комментарийлерди жашыруу
19.12.2013 15:53
Nurbol
admin_media, Саламатсызбы. Жаны автордук чыгарманы кантип аудиоклиптер катарына коштурса болот? Кандай шарттары бар?
19.12.2013 16:19
admin_media
Nurbol,
Саламатсызбы! Фрунзе/Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кеңсебизге келиңиз. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери менен кезиктирип коебуз.
19.12.2013 18:05
timan86
admin_media, Кыргыздын бийи деп Кара жолтой чыктыго ошонун mp3 барбы ?
20.12.2013 10:06
admin_media
timan86,
Саламатсызбы! Балким "Кара жоргону" сурап жатасыз?
20.12.2013 20:44
timan86
admin_media, ии ооба Кара жорго дегеним ошо ыр барбы ?
23.12.2013 11:03
admin_media
timan86,
Порталда "Кара жорго" деп издесениз чыгат.
http://www.super.kg/media/?search_term=кара+жорго&search_author=0&media_search=1&x=-991&y=-178
19.12.2013 18:53
Nurbol
admin_media, Ош шаарындагы болумуно берсек болобу?
20.12.2013 10:04
admin_media
Nurbol,
Ооба, болот.
19.12.2013. 23:26
 sezim1111
Начар ырдап коюптургоо мурда башка бала ырдачы эле.
22.12.2013. 02:41
 Nursssss
Адилет Бакасов деген жигит ырдаса керек эле, Ильяз окшото албаптыр
24.12.2013. 16:03
 aziadi
Начар ырдаптыр тантытып салыптыр
13.03.2014. 15:19
 nuria karakol
Оба бул ырды коп ырчы ырдаганын уккам бирок Ильяз соонун ырдаптыр, жеткиликттуу, бул ырдын багын ачыптыр кыскасы. Ильяз ийгилик сага!
29.04.2014. 00:30
 ms.miss.kaprizz95
Бул ырды Нурбек Дамир деген жигиттер ырдаган алар Красноярский шаарында жашашат
02.05.2014. 18:11
 ayka.1991kg
Тобо кылдым ырдайт десе еле ырдай бериш керекби
03.05.2014. 19:22
 izyshka90
Менимче ар бир ырчынын унунун озгочолугу бар. Ильяз азаматсыз эски ырга жаны омур тартуулапсыз. Бул ырды Адилет Байгазиев аттуу Нарындык байке ырдачу. Автору да озу экенин уккан элем. Аялына арналып жазылган ыр. Ильяз Андаш кичинемден бери ырдагам дегени тан калычтуу.
03.05.2014. 19:28
 izyshka90
Урматтуу Супер инфо "Бир ырдын тарыхы" жонундо рубрика бар эмес беле, мумкун б.со ушул ырдын тарых- таржымалы ж.до жазыныздарчы. Сураныч! Автору Адилет Байгазиев д.н мырза болуш керек. Убагында "Айкол" тобунда ырдап журчу.
05.05.2014 13:35
admin_superstan
izyshka90, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткизип коёбуз.
04.05.2014. 22:10
 orxidea10
иляз сонун ырдаптыр уккулукуту ырдын созуно ылайыктуу ырдаптыр .даниярга салыштырмалуу жакшы ырдаган
13.05.2014. 00:08
 izyshka90
Саламатсыздарбы Супер инфо жамааты. Менде ушул ырдын эски версиясы (Адилет Байгазиевдин) бар. Сайтка кантип кочуруп койсо болот. Коп колдонуучулар сурап жатышат го. Жеке кызыкчылык жок албетте. Туура эмес б.со кечирим сурайм.
13.05.2014 11:05
admin_superstan
izyshka90, Саламатсызбы!
Албетте, болот. Видео жүктөө жоболору:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007&view=findpost&p=667405
13.07.2014. 19:37
 adidas07
данияр деген бала ырдаган. Башка ыры жок толька ушул эле данияр озу жакшы ырдаган суйгонуно жетпей калгандарды ыйлататда бирок.
01.09.2014. 17:08
 Sagyny4
Ильяз бул ырды раматылык бир тууганым жазган бул ырдын обону Адиле Бакасовко таандык сен туура эмес кылып жатасын Бул ырды эжеме жездем жазып кеткен ишенбесен мага чал 0700776356
01.09.2014. 17:10
 Sagyny4
Ал рак менен ооруп калган сон жазган оор куноо бул!!! ишенбесен мага чал калп айткан жокмун!!!0700 776 356
28.03.2015. 22:35
 begai93
Ии бул ырдын эски вариантын мен аябай жакшы коруп угуп журчумгоо! Эмне кылып бузуп таштаган?! Вообще жаккан жок.эскиси соонун болчу! Мурунку флешкада бар болчу а азыр таппай жатам интернеттен да! Болсо жуктоп койгулачыыы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо