НУР тобу "Энекем"
03:45
3,45 Мб
Жүктөлгөн: 24-12-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 2.00/5
(1 добуш)
Узап сенден кол булгалап чыкканыма көп болду,
Күндөр өттү из кубалап, күн айланып, ай толду.
Өзүңө өмүр бою ыраазымын,
Эркеңмин бир болууга жаралганмын,
Алтыным, ай, энекем, санааркаба,
Эстеймин, дайым сени сагынамын.

Бой тартсам да эркелейин, кадырыңа жетейин,
Дайым сага жакын болуп, узап сенден кетпейин.
Өзүңө өмүр бою ыраазымын,
Эркеңмин бир болууга жаралганмын,
Алтыным, ай, энекем, санааркаба,
Эстеймин, дайым сени сагынамын.

Энем менин - бакубатым, үйдүн куту, ырысым,
Узак өмүр жашап өтчү, эң кымбатым, ыйыгым.
Өзүңө өмүр бою ыраазымын,
Эркеңмин бир болууга жаралганмын,
Алтыным, ай, энекем, санааркаба,
Эстеймин, дайым сени сагынамын.

Комментарийлер (5)

24.12.2013. 20:27
 nookat_citi
энелер бар болсунчуу даайым эх мусулман биртууган энекенди дайым сыйлап урматай жуур бейииш енелер таман астында сонун ыр тек гана ийгилиик
24.12.2013. 22:09
 priora1982
супер инфо сураныч нур тобунун биринчи ырларын кошуп койгулачы
25.12.2013. 14:21
 Joke.uzb.
Сонун ыр!Дагы ырларын кошсонор жакшы болмок.
27.12.2013. 04:54
 ikg
Алгачкы ырларынан кошкулачы сураныч, супер
27.12.2013. 09:36
 admin_superstan
priora1982, Joke.uzb., ikg,
Саламатсыздарбы! Баардык ырларын кошконго аракет кылабыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо