Кенже Дүйшеева "Балалык"
04:04
9,32 Мб
Жүктөлгөн: 07-01-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Махаматурайым Дүйшеевдики
Обону:Махаматурайым Дүйшеевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.82/5
(11 добуш)
Балалыгым, айланайын, келдим сага,
Жүрөгүм толуп-ташып кусалыкка.
Сен жоксуң, мени таштап кеткен белең,
Эч ким билбес балалыктын асманына.

Балалыгым, балалыгым,
Сени издеп таба аламбы?
Сен жоксуң мени таштап кеткен белең,
Эч ким билбес балалыктын асманына.

Балалыгым, айланайын, келдим сага,
Жүрөгүм дегдеп турчу сени гана.
Сени издейм, мени таштап кеткен белең,
Эч ким туйбас балалыктын жомогуна.

Балалыгым, балалыгым,
Сени издеп таба аламбы?
Сен жоксуң, мени таштап кеткен белең,
Эч ким туйбас балалыктын жомогуна.

Балалыгым, айланайын, келдим сага,
Жүрөмүн сени эстеп сагынычта.
Кездешүү эми болбойт жашообузда,
Суранамын, кайрылып кел балдарыма.

Балалыгым, балалыгым,
Сени эстеп сагынармын.
Кездешүү эми болбойт жашообузда,
Суранамын, кайрылып кел балдарыма.

Комментарийлер (20)

07.01.2014. 12:44
 beka-0570
Супер угуп эс аласын .
07.01.2014. 14:36
 aruuza
Кенже эженин уну жакшы
07.01.2014. 15:03
 Jansu-94
2014-j birin4i yry!
07.01.2014. 16:38
 Sonun90
Бир тууган агасынын ыры го дейм. Ийгилик каалайм Кенже эже
07.01.2014. 16:56
 Lazat
Өтө эле жай го
07.01.2014. 23:01
 azia9393
Супер мага жакты.
08.01.2014. 01:37
 Gul.08
Сооооонун ырго))Уну Гулнара Кахарованын унуно окшош болуптур)
08.01.2014. 03:41
 Mariyana
Кенже эжеке супер!
08.01.2014. 05:06
 omurbek9393
Ойноп кулгон балалыкта эле калбайт белек.
08.01.2014. 14:48
 Nurbol
салам супер инфо, мумкун болсо Оштогу адресинерди жазып койсонуз? Рахмат!
08.01.2014. 15:58
 zoya1990
супер ырго
09.01.2014. 02:03
 Xake.92
Мага да жакты аябай жакшы чыгыптыр.
09.01.2014. 03:18
 Bekbol.94kg
мага жагып калды бах чиркин балалык кез кандай соонун
13.01.2014. 12:35
 gul-bibi9109
Кенже эже сизге ийгилик,сонун ыр экен!!!
19.01.2014. 01:57
 azile8691
балалыкты эске салдыныз
ийгилик сизге
кызынызга бактылуу балалык
23.01.2014. 14:14
 Jeki
уй булолук бакыт сизге! Балдардын жакшылыгын корунуз! Жездебиз сизди ырдатып эле турсун! Сиз менен сыймыктанабыз, озубуздун эжебиз менен мактанабыз!
10.02.2014. 16:19
 altynai98
сонун.ийгилик сизге!
06.05.2014. 00:18
 shaiyrgul81
кенже эжнин уну,сонун
15.12.2014. 13:13
 elvira1980
кенже эженин таптым деген ырын жуктоп бериниздерчи сураныч
15.12.2014 17:39
admin_media
elvira1980,
Саламатсызбы! Жакында жүктөлөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо