Айпери Кубик кызы "Күнөөсүз махабат"
04:10
9,54 Мб
Жүктөлгөн: 08-01-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Кубик Калыковдуку
Обону:Кубик Калыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(3 добуш)
Өзүмдөн өзүм адашам,
Өзгөчө мени карасаң.
Өзүңсүз толуп жүрөгүм,
Өрт болуп күйүп баратам.
Сүйлөсөм сөздөн адашам,
Сен дайым мени карасаң.
Сүйүүгө толгон жүрөктүн
Сырларын кантип мен ачам?

Кайырма:
Көздөрүң кадалат,
Жүрөктү жаралап.
Негедир азгырат
Күнөөсүз махабат.

Канча бир мүнөт санасам,
Кайдадыр учуп баратам.
Кайгыга толгон жүрөктү
Канткенде сага мен айтам?
Ай чыгып, күн да кеч батат,
Ойлорум менен таң атат.
Арналаган сага жүрөктө
Ушул ыр болсун бет ачар.

Кайырма:

Комментарийлер (23)

08.01.2014. 21:00
 283755
Чоон рахмаааааат супер инфо!эх кандай сонун чыгарма?555555555555555 супееер.
09.01.2014. 00:54
 rnurzida
Жакшы ыр экен
09.01.2014. 01:53
 omurbek9393
Супер чыгарма!
09.01.2014. 03:09
 Bekbol.94kg
мурдагы ыры го бирок жакшы эле ыр
09.01.2014. 03:45
 Ermek_sher
Чынында жакшы ырдаптыр!!! Азаматсын!
09.01.2014. 08:51
 omurbek9393
Супер кочуруу эмнеге ишке ашпай атат?
09.01.2014 10:03
admin_superstan
omurbek9393, Саламатсызбы! Баары жайында эле экен, сизде кандай катачылыктар чыгып жатат?
Комментарийлерди жашыруу
09.01.2014 17:33
omurbek9393
admin_superstan, 403 Forbidden деп чыгып атат туурасын айтсам коп жолу кайталанып атат менде мындай абал кочуруу такыр эле кыйын болуп калды мен учун операны да алмаштырып кордум майнап жок эмне кылсам болот?
09.01.2014 17:42
admin_superstan
omurbek9393, Сиз кандай жол менен көчүрүп жатасыз? "Көчүрүү" баскычын басыппы? Же башка кошумча программалар аркылуубу?
Жана сиз уюлдук телефон аркылуу киресизби?
10.01.2014 01:47
omurbek9393
admin_superstan, Ооба мен уюлдук телефон аркылуу киремин. ”Кочуруу” баскычын басып эле кочуруп алат элем, башка эч кандай программа
деле колдонбойм.
10.01.2014 10:06
admin_superstan
omurbek9393, Сиз ушул эле ырды көчүрө албай жатасызбы же башка ырларды дагыбы?
10.01.2014 22:06
omurbek9393
admin_superstan, Жок бир эле бул ыр эмес. Башка ырлар, видеолор да
11.01.2014 14:39
admin_media
omurbek9393,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз. Катачылыктар кайталнса купуя жазып коюнуз. Рахмат!
10.05.2014 19:00
Elzar01
omurbek9393,
UCbrоusеrден кочуруп кор
09.01.2014. 10:42
 sagyn01
Oto jakshy
09.01.2014. 11:27
 azema9
Эн сонун ыр уга турган ырдай турган ыр экен алга
09.01.2014. 11:47
 Anarbek87
супер жакшы ырдаптыр
09.01.2014. 15:08
 REAL7
Азамат
09.01.2014. 21:28
 Jyrgal-87
жакшы ыр экен.бирок негедир ырдын стили озбектердин ырларына окшошуп кетет экен
09.01.2014. 22:35
 afina.aman
Супер инфо сиздерге ыраазычылыгыбызды айтабыз,сиздер аркылу озубузду мекенибизде жургондой сезебиз.ырды жуктойбуз коопко угабызго оомат сага кубик кызы
10.01.2014. 02:24
 Mariyana
Жакшы ырдаптыр.
19.01.2014. 01:54
 azile8691
сооонун
22.02.2014. 20:07
 Askatbek92
Супер инфо сиздерге иийгилик, сиздерсиз менин кунум отпойт. коп издеген ырларымды ушул жактан таап аламын. Чоон рахмат Супер инфо.... Айпери менин суйгонум. Ушул кыздын жанынан бир коруп алганымда арманым жок эле. Жанынан коргон эмесмин Теледен ардайым суйууп корчумун..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо