Кубик Калыков, Айпери Кубик кызы "Нооруз"
04:22
9,99 Мб
Жүктөлгөн: 08-01-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Кубик Калыковдуку
Обону:Кубик Калыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Обондуу ырлар созулган,
Үн салып гитар чертип сансыз жылдыздар
мага угулган.
Жалындуу жаштык жаңырган
Ырдашып талбай, ойноп-бийлеп жыргашып
таң атырган
Келгенсийт чексиз бак-дөөлөттүн баарысы,
Бергенсийт бизге Нооруз майрам ырысын.

Кайырма:
Кел, Ноорузум, кел, Ноорузум,
Жакшы маанай бер, Ноорузум.
Кел, Ноорузум, кел, Ноорузум,
Жакшы бата бер, Ноорузум.

Ак карлуу Ала-Тоо болсун,
Айлыбыз аман болсун биз,
Биз төрөлгөн жерибизге ырыскы толсун.
Ак калпак кыргызым болсун,
Ата-энем жүзгө толсун,
Ынтымактуу элибизге бак-дөөлөт консун.
Ар дайым ачык маанай болсун үйүбүз,
Ай нурун чачып турган болсун күнүбүз.

Кайырма:

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо