Айпери Кубик кызы "Токто деп..."
05:07
9,35 Мб
Жүктөлгөн: 08-01-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(9 добуш)
Бүркөлүп, кайра ачылып алмашылган,
Жайлоонун күнүнө сен окшош элең.
Мөлтүрөп таза, тунук агып жаткан,
Сен анда тоонун тунук булагы элең.

Кайырма:
Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм,
Таарындың, терс бурулуп кеттиң басып.
Чегинде үмүт менен түңүлүүнүн,
Чачылып, жыйнала албай турдум катып.

Жок жерден күлкү таап күлчү элек,
Жарк этип чагылгандай өттү ал кез.
Мөндүргө айланды го күн себелеп,
Ак күндөр сагынычка саргайды дейм.

Кайырма:

Жүрөмүн сыр билгизбей сызып ичтен,
Окшотуп көрүнгөндү карап улам.
Ойгонсоң түн ичинде чочуп түштүн,
Үн болуп кулагыңа мен угулсам.

Кайырма:

Комментарийлер (15)

08.01.2014. 22:25
 gulnarasaian
Бравооо
09.01.2014. 00:41
 Urushina
Бул ырды Гулнур Сатылгановага эле берсе жакшы болмок ,аябай кыйналып ырдаптыр,эски ырды мурда уккам аябай жакшы ыр эле...
09.01.2014 10:58
kymbatbek
Urushina, ооба ! Гулнур Сатылганова аябай соонун ырдамак !
09.01.2014. 00:58
 rnurzida
Ушул ыр жагат да жагат
09.01.2014. 03:12
 Bekbol.94kg
кечиргиле мекендештер бирок мага жаккан жок антсе да аракетин сыйлайм
09.01.2014. 11:25
 nurvik
Муну Кубик Калыков озу супер ырдаган. Мага ошонусу жагат.
09.01.2014. 14:05
 rayaa
Эски ырларды жаныртып ырдашып ырчылар аябай оной жол таап алышты. Мен тажадым. Жаны жакшы ырларды жаратышса аракеттенип. Вау дей турган ыр чыга элек коптон бери.
09.01.2014. 14:58
 Destro
тороп жаткан аялдай ырдаптырго бул
10.01.2014 14:01
laki
Destro, хахаха Эздиң боорду
09.01.2014. 17:38
 nasi00
Кубик Калыковдун аткаруусунда жакшы болчу Айперинин ун темптери келишпейт экен
09.01.2014. 23:19
 Xake.92
молодеец нормально
10.01.2014. 14:02
 laki
Айперинин үнүнө шай келбей калган сыяк!
11.01.2014. 11:25
 bka
Mmm... Destro) )) ha da unu jetpeit eken
22.04.2014. 15:20
 ere
укканга арзырлык
19.07.2015. 22:33
 dastan_nookat
Атасы аткарган жакшы болгон бирок кызы деле сонун ырдаган!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо